Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында 2016-жылдын 11-декабрында өтө турган жергиликтү кеңештин депутаттарын шайлоо жана референдумга карата бардык шайлоо участкалары даяр. Бул туурасында Үч-Коргон айыл өкмөт башчысынын орун басары Мастура Камбарова билдирди.
Үч-Коргон айылдык кеңешине 31 депутат шайланышы керек. Ал үчүн 76 талапкер ат салышууда. Жалпы Үч-Коргон айыл аймагында 16208 шайлоочу бар.
«11-декабрда өткөрүлүүчү шайлоого карата белгиленген участкалар кошумча жарык жана жылытуучу жабдыктар менен камсыздалган. Үч-Коргон айыл өкмөт башчысы Абдурахманов Ахмаджан жеке өзү шайлоонун чынчылдык менен адилеттүү өтүшүн көзөмөлгө алаган. Бул боюнча керектүү адистерге тапшырмаларды берген», — деп билдирди Камбарова.
Үч-Коргон айыл аймагында 10 шайлоо участкасы болсо, анын тогузу мектептке, бири балдар бакчасында жайгашкан. Алардын бардыгында шайлоо өткөрүү үчүн керектүү эмерек жана жабдыктар орнотулган.

Шайлоо күнү добуш берүүчүлөргө эки бюллетень берилип, бири референдум үчүн экинчиси депутаттарды шайлоого берилет.
Дайардаган: Абдурахманова Гулбахар
Сүрөттүн автору: Алижан уулу Дөөлөтбек
Сынак үчүн
КМ