Сасык тумоо Кыргызстанда азыр көп кездешип жатат. Бул оруу аба аркылуу жуккандыктан эл арасында кеңири таркайт.
Дал ушул оору боюнча кененирээк маалыматты алуу үчүн биз Ак-Талаа районунда жайгашкан А.Көккөзов атындагы райондук оорукананын жугуштуу ооорулар бөлүмүнүн башчысы Аида Көкөтаева менен маек курдук.
— Сасык тумоо менен ооруган адам чүчкүргөндө, жөтөлгөндө аба аркылуу тарайт да таза адамга жугушу ыктымал. Бул оорунун биринчи белгилери болуп температура көтөрүлүп, шалдырап, тамагы ооруп жөтөлөт. Бул учурда адамдар антибиотиктерди колдонбош керек, көбүнчөсү билбестен антибиотиктерди колдонуп жатышат. Суюктукту көп ичип, антигриппин сыяктуу даарыларды ичип, жылуураак жатууну сунуштайт элем. Сасык тумоо катуулап кеткен учурда гана антибиотиктерди колдобуз, ошол үчүн дарыгерге кайрылып туруш керек. Бул оору менен жаш балдар көбүнчө ооруйт.
Негизи сасык тымоо алдын алуу жолдору жыл сайын медицина кызматкерлери вакцина жасайт. Бул вакцина менен бүткүл кыргызстандыктарды камсыздай албагандыктан бекер эмес.
Дайыма колду жууп, үйдөгү абаны желдетүү менен алмаштыруу керек, ооруган адамдар болсо атайын маска тагынып, же болбосо сасык тумоонун сезону болуп жаткан учурда маска тагынуу керек.
Сасык тумоо ар кайсы жыл мезгилинде эле кармай берет. Грипптин көп түрлөрү болот, жыл сайын адамдар ар башкача түрлөрү менен оорушат.
Даярдаган: Тажиева Аима
Тренер: Касымалиева А
Сынак үчүн