Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде кыздар уюмунун уюштуруусу менен “Мектеп сулуусу-2016” сынагы өттү. Ага 8-11-класстын кыздары катышып, 1-орунду Адина Карыбекова алды.
Сынакта сулуулар саламдашуу, кыргыз тарыхындагы кыздардын образын чагылдырып көрсөтүү сыяктуу тапшырмалар боюнча күч сынашты.
Кыздар уюмунун жетекчиси М.Жумабаева “Кыздар арасында мындай сынактарды дайыма өткөрүп турганга аракет кылабыз. Бош убакытты туура пайдалануу, өзүн алып жүрүүгө үйрөтүү, кыздардын арасында ынтымакты бекемдөө жана сулуулар арасында өтүүчү райондук сынакка даярдык максатында өткөрүп жатабыз” деп айтып өттү.
Сынактын жүрүшүндө калыстар тобу баалап, жеңүүчүлөрдү аныкташты.
Жыйынтыгында 10-классынын окуучусу Карыбекова Адина 1-орун, Малабекова Раиса 2-орун, Тынычбекова Назми 3-орунга ээ болушту. Алдынкы орундарды камсыз кылган кыздар жаш өзгөчөлүгүнө жараша райондук сынакка катышат.
Даярдаган: Кубанычбекова Эльвира
Редактору: Тажиева Эльнура
Сынак үчүн