Баетов айылында 1-декабрь СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата кыз-келиндер арасында спорттун волейбол жана стол тенниси боюнча мелдештер өттү.
Ага Ак-Талаа райондук оорукананын жугуштуу оорулар бөлумүнүн башчысы А.Көкөтаева катышып, иш чаранын максаты, учурда аталган оорунун абалы тууралуу маалымат берди.
Мелдештин өтөрү тууралуу жобо айылдагы 10 мекемеге алдын-ала берилип, тааныштырылганы менен иш-чарага төрт гана команда катышты.
Оюнду Ак-Талаа райондук спорт комитети уюштуруп, калыстар тобу иштеди. Оюндун жыйынтыгында Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин командасы жеңип алып, өтмө кубок, медалдар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды.
Ал эми 2-орунга бала бакчанын тарбиячылары татыктуу болсо, 3-орунду оорукананын оюнчулары камсыз кылды.
Ал эми теннис боюнча Капарбек кызы Гүлжаз байгелүү орунду жеңип алды.
Кийинки мелдешти Бейшеналиев мектебинин командасы уюштурат.
Команданын капитаны Капарбек кызы Гүлжаздын айтымында, мелдешти жогорку деңгээлде уюштуруп, өткөрүүгө даярдыктар көрүлмөкчү.
Даярдаган: Кубанычбекова Эльвира
Редактору: Тажиева Эльнура
Сынак үчүн