Ак-Талаа районунун Баетов айылында бир канча мекеме-ишканаларда иштеген кыз-келиндер арасында спорттун түрлөрү боюнча мелдештер мындан ары айына бир ирет мезгилдүү өтүп турат.
Аны мелдеш учурунда өтмө кубокту кайсы мекеменин командасы утуп алса, ошол тарап уюштурат жана спорттун кайсы түрү боюнча өтөрүн да өздөрү чечишет.
Ал эми спорт комитети катышуучуларды жана жеңүүчүлөр үчүн сыйлыктарды камсыз кылат.

Ак-Талаа районундагы спорт инспектору М.Чырмыев:
— Кыз-келиндер арасында мындай мелдеш ынтымакты чыңдайт. Ошондой эле алар үй тирилиги менен эле алек болбостон ден соолуктарын чыңдап, убактыларын пайдалуу өткөрүүгө аракет кылышат. Эми бизде шаардагыдай шарт болбосо да спорттук мелдештерге калктын бардык катмарын катыштырганга аракет кылып жатабыз.
Даярдаган: Кубанычбекова Эльвира
Редактору: Тажиева Эльнура
Сынак үчүн