Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылындагы Садриддин Айни орто мектебинде «Асыл мурас» тарыхый музейи ачылды. Бул тууралуу мектеп директору Кумрухон Абдуразакова билдирди.
Мектеп директорунун айтымында, ачылыш аземине район акими Акрам Мадумаров, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Гайбуллаев, ШИИБдин башчысы Жигитали Дубанаев, Үч-Коргон айыл аймагынын башчысы Ахмаджон Абдурахманов, өрт өчүрүүчүлөр, аймактагы мектептердин директорлору, Майдан, А.Масалиев, Үч-Коргон айылдарындагы мектептердин директорунун тарбиялык иштер боюнча орун басарлары, Үч-Коргон аймагынын ар кандай тармактарында эмгектенип жаткан өкүлдөр катышышкан.
Иш чаранын жүрүшүндө аталган мектептин 11-классынын окуучулары музейдеги ар бир буюмдун тарыхы жөнүндө маалымат беришти.
Аталган салтанатта Кадамжайдын акими Акрам Мадумаров музей жөнүндө ой-пикирин айтып, мектеп администрациясына жана мугалимдер жамаатына өзүнүн ыраазычылыгын билдирди.
Музейде 500дөн ашуун экспонаттар бар. Алар: ата-бабалардын жашоо-тиричилигинде, күнүмдүк турмушунда колдонгон буюмдар, кийимдер.
Бул музей 2016-жыл «Тарых жана маданият» жылына карата келечек муундарга мурас болуп, бай тарыхты кийинкилерге жеткирүү максатында мектептин директорунун демилгеси менен ачылган.
Даярдаган: Абдурахманова Гулбахор
Суроттун автору: Абдулкалил уулу Эмил
Сынак үчүн
КМ