Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында сасык тумоо оорусу күч алганына байланышттуу мектептер жабылды.
Андарак айылында сасык тумоо оорусу күч алды. Буга байланыштуу Сумбула айыл аймагындагы бардык алты мектеп белгисиз мөөнөткө чейин жабылды. Бул оору тууралуу Сумбула айылдык дарыгерлер тобунун жетекчиси Вахид Кундузов төмөнкүлөрдү айтты.
“Сумбулада 2-декарбдан тарта сасык тумоо оорусу башталды. Бүт республика боюнча сасын тумоо күч алды. Негизи бизге ооруган балдардын баарысы эле кайрыла бербейт. Бизге болгону Сумбула айыл аймагы боюнча 26 мектеп окуучусу кайрылды. Бул оору аба аркылуу жугат», — деп билдирди Кундузов.
Баштапкы белгилери — температурасы жогорулайт, башы ооруйт, терлейт, буту жана бели ооруйт. Анын алдын алуу үчүн бет кап тагып жүрүшү керек.
«Эгер бир киши ооруса анын идиштерин тамагын жана дагы башка бөлмөгө жашап туруусу зарыл. Суюк тамакты көбүрөк ичиши керек. Ооруган адам 3-4 күн жайында жатышы керек. Ооруган балдар тезинен бизге кыйрылса жакшы болот эле”, — деп кошумчалады айылдык дарыгер.
Манас орто мектеби боюнча эле 82 бала сасык тумоо оорусу менен ооруду.
Даярдаган: Нурсеит Досматов
Редактору: Нурислам Жанибеков
Сынак үчүн