Исфайрамдын жээгинде жайгашкан чайканалардын шарты жакшы болгондуктан коңушу мамлекеттер Өзбекстан жана Таджикстандан мурда эс алуучулар келип турганын айтат, Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн экономисти Марасулов.
Үч-Коргон айыл аймагында эс алуучу жайлардын катарына ушул чайканалар кирет.
Айылдагы Исфайрам суусун бойлой сегиз чайкана орун алган.
Чайкананын башкаруучулары жылда сезон менен иштеп келишет, айрым чайканалар кыш мезгилинде да иштешет.
Он жылдан бери Үч-Коргондо чайкана иштеткен кишилердин бири Кадыржан Назаров менен бул туурасында маектештик.
— Мен Назаров Кадыржан 1958-жылы Үч-коргон айылында туулганмын. Менин ата-бабаларым, укум тукумдарым соодагер болушкан. Мен да соодадан чыккан жигитмин. Биз аялым менен ушул жерди 2004- жылы алганбыз.
Иштер жакшы Аллага шүгүр. Бирок мурда мындан да жакшы эле, барган сайын иштөө кыйындашып жатат. Адамдардын маанайы суз ошол үчүн болсо керек деп ойлойбуз. Биздин бири-бирибизге болгон урмат-сый барган сайын өчүп баратат.
-Балдардын талим-тарбиясы башкача эле, ата-энелерда тарбияны жакшы берген, азыр болсо бардык балдар бири-бирине чоңдорго кулак салбайт. Барган сайын иштөө кыйындашып баратат.
Золотой-мостто сегиз чай-кана бар, иштеген бардыгы жакшы балдар, жакшы иштеп жатат. Меникинен айырмасы жок болсо керек, баарыбыз бирдейбиз.
-Бизде бул жерде официанттар иштейт. Бардыгынын талим-тарбиясы жакшы.
Бул жерде ичтирбейбиз, чектирбейбиз өзүбүз аталык, энелик кылабыз өз убагында эмгек акыларын беребиз. Жаш болсо да аз айлык акысына иштешпейт. Кеминде он миң сом алышат он беш күндө бир берем аванс, андан кийин бир ай толук эмгек акысын берем.
-Биз сезонду майдын тогузунда ачтык, кудай буйурса сентябрдын тогузунда кетебиз. Бул жерде кышта иштөөчү чайканалар да бар, кыштык чайканалар күнү-түнү иштейт.
Бул жерде чындыгында көп жаштар жаңжалдарды чыгарышат. Бирок бир-эки жыл мурда бизде ушундай окуялар болгон. Кожоюндарга да байланыштуу ар тараптан жакшы сүйлөсөңүз бардыгы сизге жакшы.
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн статист-экономисти Арип Марасулов мурда чек ара ачык кезинде коңшу мамлекеттен меймандар дал ушул Исфайрамдагы чайканаларга келип, эс алып кетишчү дейт.
-Коңшу мамлекеттерден да келишет мурда ачык мезгилде Өзбекстан, Таджкистан ошол жерден келет эле анан Россиядан келгендер көп болчу туристер көп келет эле. Бизде тоолордо кийиктер көп. Анан эски метаписистер көп келет бул жерге, ошол жерде отуруп шаихтерден сураганын сурап жазып кетишет.
Шарты жакшы жанында дайыма суу агып өтөт, жанында тоо бар ошондой эле.
Эми биздин өкмөтүбүздүн бираз күчү жетпейт, болбосо мына ошол Исфайрамсайыны эки жанына чоң бир имараттар куруп санаторияга окшогон жайлар кылса болот. Менин түшүнүшүмчө турган жерибиз мен мурда барганмын Ысык-ата деген крорту билесиз ошону ушундай жайгашканына окшойт биздики да абасы таза, суусу жакшы.
Карапайым эл өзү колдон келген аракетин жасап адамдардын эс алуусуна шарт түзүп келет.
Даярдаган: Атабек Арипов