Бул уктуруулар сериясы Алматы шаарындагы ЮНЕСКО бюросунун колдоосу менен Коммуникацияларды өнүктүрүү эл аралык программасынын тренингдеринин алкагында түзүлгөн. Уктуруулар жергиликтүү проблемаларды жана аларды чечүүнү кыргызча уктурат. Орусча кыскача аннотациялар берилген.
Жергетал: саламаттыкты сактоо меселелер
Бул маекте Жерге-Тал айыл округундагы № 3 оорукананын башкы дарыгери айылдын жашоочуларынын арасында көп кездешкен оорулар жана алардын алдын-алуу үчүн эмне кылуу керектигин айтып берип, жамаатык радионун угармандарынын суроолоруна жооп берүү менен башка маалыматтардан да кабардар кылат.
Жергетал: Жайыттарды туруктуу пайдалануу
Бул материалда Жерге -Тал айыл округунун Жайыт комитетинин төрөгасы жана Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары жайыттарды туура пайдалануу жөнүндө айтып беришет. Ошондой эле алар радио угуучулардын ар түрдүү суроолоруна, анын ичинде жайыт комитети, анын бюджети, алдыдагы иш пландар жана жайыт акысын төлөө маселелери боюнча суроолоруна жооп беришет.
Жергетал: Кен казуучу компаниялардын калктын саламаттыгына таасири
Бул түз эфирдеги радиомаекте кен казуунун пайдалуу жана зыяндуу жактары, кен иштетүүчүкомпаниялардын жергиликтүү калкка көрсөткөн жардамы жана ошол эле учурда экологияга тийгизген терс таасирлери жана жаратылышты жабыркатпай кен казуучу технологияларды колдонуу туурасында Жерге Тал айыл округунун башчысынын орун басары, коомдук бирикменин төрагасы жана жаштар коомдук бирикмесинин мүчөсү ой бөлүшүп, радиоугармандардын суроолоруна жооп берет.
Талас: Менин укугум
Менин укугум — бул биздин укугубуз, аны кантип коргоого болот жана башка укуктук маселелер жөнүндө радио уктуруу. Биринчи уктуруу кардарлардын укугуна арналган. Керектөөчүлөрдүн укук маселелерине байланышкан суроолорго Антимонополдук департаменттин жетекчисинин орун басары жооп берет.
Талас: Нике жана үй-бүлө — юридикалык процедуралар
Талас областтык сотунун судьясы бул маекте нике жана никени ажыратуу процессине, жубайлардын жалпы мүлкү, мураска калтыруу, алимент төлөөгө байланышкан жана башка юридикалык процедуралар жөнүндө айтып берип, суроолорго жооп берет.
Талас: Нике тууралуу күбөлүк
Бул маекте Талас шаардык Граждандык ал-абалдын актыларын жазуу бөлүмүнүн жетекчиси нике күбөлүгү жана ага байланыштуу меселелер жөнүндө, аларды ичинде нике күбөлүгү кандай укуктарды берет, күбөлүк албагандар кандай тоскоолдуктарга кабылыш мүмкүндүгү жөнүндө айтып берет.
Талас: Маалыматтын жеткиликтүүлүгү
Кезектеги эфирдин темасы — “Маалыматтын жеткиликтүүлүгү”. Бул уктурууда радиоугармандар кайсы мыйзамдарда маалымат алуу укугу көрсөтүлгөнүн, ошондой эле кандай маалыматтар мамлекет жана мыйзам тарабынан корголот, кандай маалыматтар ачык жеткиликтүү болот жана суроо-талапты кантип берүү керектиги жөнүндө кабардар болушат.
Талас: телефония жана интернет
“Кыргызтелекомдун” коммерциялык директору радиомаекте “Кыргызтелекомдун” азыркы ишмердиги, анын ичинде интернетти пайдалануунун жаңы багыттары, зымсыз телефон, уйгө телефон койдуруу, санариптик байланыш жөнүндөгү маалыматтар менен бөлүшөт.
Талас: Азык- түлүк ишкерчилиги
Кийинки эфирдин каарманы жеке ишкер, “Евразия” азык-түлүк тармагы корпорациясынын Талас облусу боюнча аймактык директору болду. Ал радио угуучуларга корпорациянын жалпы ишмердиги жана ошондой эле корпорациянын жаш ишкерлерге көрсөтүп жаткан жардамы жана аларды ишке орноштуруу туурасында айтып берет.
Талас: Кол өнөрчүк жана бизнес
Бул радио маекте “Айбике” кол өнөрчү айымдардын борборунун жетекчиси жаш ишкерлер уюмунун иши жөнүндө айтып берет. Бул уюм Бириккен улуттар уюмунун өнүгүү программасынын жардамы менен ачылган. Айылдык айымдар сувенирлерди, улуттук кийимдерди жана башка ар түрдүү буюмдарды жасап, сатуу менен алектенишет.
Талас: мүмкүкчүлүгү чектелген адамдардын билими
Бул түз эфирдеги радиомаекте Талас шаарда жайгашкан Эльдос Интернешнл жоопкерчилиги чектелген коомдун директоруна сөз берилет. Жаш ишкер радиоугуучуларга уюмдун иши жөнүндө айтып берет. Анын негизги иши жаңыдан түзүлгөн уюмдарды, жакыр үй бүлөрдүн балдарын, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды, томолой жана жарым жетимдерди бекер окутуу болуп саналат.
Талас: Кинематографиянын кыз ала качууга мамилеси
Ушул маекте “Эрк” киностудиясынын негиздөөчү жана жетекчиси, кинорежиссер Нурбек Оторбаев менен киноиндустрия, кинотасмаларга тиешелүү маселелер жөнүндө сөз болуп, ал кыз ала качууга көз карашы жана башка жеке суроолорго жооп берет.
Талас: Махабат – интернет кафенин негиздөөчү жана жетекчиси
Соңку радио эфирдин коногу Талас шаарында жаңы ачылган интернет кафенин негиздөөчү жана жетекчиси Женисбекова Махабат өзүнүн бизнеси жөнүндө айтып берип жана төмөнкү суроолорго: жаштарды эмнелер кызыктырат, интернеттен кандай маалыматты издейт, канча адам интернет кафеде иштейт, жумушка кантип орношсо болот жана туугандар да жумушка кабыл алынабы деген жана башка суроолорго жооп берет.
Суусамыр: Жаштардык миграция жана жумушсуздук
Бул баарлашууда Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Суусамыр өрөөнү боюнча өкүлү жана жеке ишкер жаштардын жумушсуздук маселесин талкуулашат жана аларга бул темага байланыштуу бир катар суроолор берилет.
Суусамыр: Мектепте билим берүү
Төмөндөгү радио эфирдин темасы — “Мектепте билим берүү” жана негизги маселе — “мектеп окуучуларынын билим деңгээли азыркы учурдун талаптарына жооп береби?” Бул маекке директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары, онунчу класстын окуучусу жана окуучунун энеси катышат.
Суусамыр: Арпа себүү
Түз эфирде радиоалыпбаруучу менен Суусамыр өрөөнүнүн жашоочусу жана статисти арпа айдоо жана түшүмдү жыйноо, жер семирткичтерди пайдалануу жана башка арпа өстүрүүгө байланыштуу маселелер жөнүндө сөз кылышат.
Суусамыр FM, Радиомост, Мейкин FM жамааттык радиолоруна даярдаган уктуруулар үчүн, Алматыдагы ЮНЕСКО бюросуна Коммуникацияны өнүлтүрүү эл аралык программасынын (КӨЭП) алкагында көрсөткөн колдоосу үчүн, Жылдыз Султанбековага радиоуктурууларга кыскача баяндама жазып, орус тилине которгондугу үчүн ыраазылык билдиребиз.