Кыргызстандын коомдук телеберүү корпорациясынын окуу-ресурстук медиакоммуникация борборунда 2014-жылдын 6-10-июль күндөрү “Аймактардагы ишенимдүү окуяларга таянып телесюжеттерди издөө жана түзүү” семинары болуп өттү.
Аймактардагы телекомпаниялардын чыгармачыл топтору аймактын өнүгүүсү тууралуу өздөрүнүн телепрограммасын өндүрүү үчүн айылдык маалымат каражаттары (жамааттык мультимедиа борборлору) менен бирдикте аракеттешип иштөөнү үйрөнүштү.
Семинардын алкагында Чүй облусунун Жал айылындагы “Достук” жамааттык мультимедиа борбору (ЖМБ) менен биргеликте аймактардан келген топтор берилген темаларда – алгачкы саламаттыкты сактоо, мектепке чейинки билим берүү, ичүүчү сууну камсыздоо, жер маселелери жана чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча – сегиз видео-сюжетин жасашты. Ушул жол менен облустук телекомпаниялары айылдын маселелерин чечүү деңгээлине көтөрүп чыгышып, муниципалдык жана мамлекеттик башкаруунун эффективдүү иш алып барышына таасир этишет.
Семинардын катышуучулары даярдаган видео материалдар:
1. «Достук» жамааттык мультимедиа борбору, Жал айылы
Даярдагандар: Альбина Жолоева, Аъзамжан Бузуриков — «Ынтымак» РТРК, Ош шаары
2. Суунун жеткиликтүүлүгү
Даярдагандар: Акжол уулу Адылбек — «Ош Пирим» ТК, Ош шаары; Малик Сабрахунов – СТВ МТРК
3. Медициналык кызматтын жеткиликтүүлүгү
Даярдагандар: Бейшеналиева Нурайым, Касенов Асылбек — Ысык-Көл облустук телерадиокомпаниясы
4. Мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү
Даярдагандар: Мээрим Тынычбекова — КТРК; Аъзамжан Бузуриков — «Ынтымак» РТРК, Ош шаары
5. Таштанды маселеси
Даярдагандар: Нуржамал Баргыбаева, Кубатбек уулу Азамат — «Башат» ТК, Ош шаары
6. Жаштар жай мезгилинде эмне менен алектенишет?
Даярдагандар: Шахрихам Мамажусупова, Абдижалил уулу Жыргыл – Баткен облустук телерадиокомпаниясы
7. Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү – Жүзүм өстүрүүчү
Даярдагандар: Шабданбек уулу Ноорузбек, Жолдошбек уулу Нурсултан — Талас облустук телерадиокомпаниясы
8. Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү — Жылкы өстүрүүчү
Даярдагандар: Шерзод Юсупов — «Ынтымак» РТРК, Ош шаары; Малик Сабрахунов – СТВ МТРК
Семинар ЮНЕСКОнун Алматыдагы бюросу жана КТРКнын окуу-ресурстук медиакоммуникация борбору менен биргеликте «Социалдык адилеттүүлүккө жетүү үчүн ак ниеттүү башкарууну илгерилетүү» долбоорунун алкагында уюштурулду. Аталган долбоор 2011-жылдын октябрь айында ишке ашып, 2014-жылдын октябрь айына чейин 36 ай бою ишке ашырылмакчы.
Долбоор жарандардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды алууда адилеттүү укуктарын ишке ашыруу жөндөмүн жогорулатууга багытталган. Өзгөчө коомдун аярлуу тобу деп эсептелген аялдар, жаштар жана жаш балдардын катмарын өзүнө камтыйт. Долбоор Кыргызстандын жети аймагынын 30 айылдык муниципалитетинде ЮНЕСКО, ПРООН, ЮНИСЕФ жана БУУ-Аялдар тарабынан ишке ашырылууда. Европа биримдиги жогоруда белгиленген БУУнун түзүмдөрү менен бирдикте долбоордун каржылоосунда катышууда.
Автордук укуктар Creative Commons (сс) ЮНЕСКО, ООН, ЕС лицензиясына негизделет.
Сүрөт: КТРКнын окуу-ресурстук медиакоммуникация борбору