Куланак айылындагы Сокеев Шүкүрбек көчөсүнүн жашоочулары эки суу алуучу түтүктүн ортосунда таштанды ыргытылган аңдын тазалап берүүсүн айыл өкмөттөн суранган. Муну айыл башчысы Жетиген Мокеев акча каражаты которулбай жаткандыгы менен түшүндүрдү.
Аталган көчөнүн жашоочусу Перизат Сыдыкованын айтымында, өйдөдөн агып келген таштанды сууну булгап, ал жерде ойногон балдардын ден-соолугуна коркунуч туудурууда.
“Бул биз үчүн, балдарыбыз үчүн өтө зыян. Азыр ар кандай оорулар чыгып атпайбы. Бул суунун ылдый жагында да суу агат, экөөнүн ортосунда таштанды, өйдөдөн суу менен кошо таштандылар агып келип сууну булгап атат. Ал жерде балдарыбыз ойнойт. Айыл өкмөтү таза сууга жакшыраак көңүл бөлсө, эң биринчи таза суу керек да», — дейт Сыдыкова.
Бул туурасында айыл өкмөтү, азыр акча кара жаты которулбай жатат, которулары менен техникага акча
бөлүп берем, деп түшүндүрдү.
«Былтыр акча каралбай калыптыр, быйылкыга аракет кылам. Финансыдан кыйналып жатабыз, мектептин светинин да акчасын төгө албай атабыз. Ал жактын жашоочуларынан да көз каранды. Куланак менен Учкундун 20 миңдей акчасы бар экен, экөөнө тең бөлүп берем”,-деп билдирди Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы Жетиген Мокеев.
Даярдаган: Дания Талгатбекова