№17 мектепте спорт зал жоктугунан окуучулар дене тарбия сабынан кыйналышчу. Мектеп директору бул маселени чечүүдө бир топ жылдан бери аракет жасап келген. Жыйынтыгында АРИС программасы 13 миллион бөлүп берип, элден эки миллион топтолуп, спорт залды куруу иштери башталуу алдында турат.
Аталган мектептин дене тарбия мугалими Көчкөн Романов окуучулар спорт зал жоктугунан кыйналганын айтты.
«Окуучулар жамгыр каар жааганда эшике чыга албай класста кыйналышат. Эшике чыкса буттары суу болуп, ооруп калгандар да болот», — деди дене тарбия мугалими.
Мектеп директору Давлет Өмүрзакова спорт зал боюнча көптөгөн жерге кайрылганын айтат.
«Мен Жогорку кеңешке, Каржы министерлигине жана башка жерлерге кайрылгам. Бирок алар жардам берген жок. Анан чет элдик программаларга кайрылдым. Ошолодун ичинен АРИС жардам берип, мектебибизге спорт зал курулганы турат»,- деп малымдайт Өмүрзакова.
Айыл тургундары да шартына карап акчаларын беришкен. Элдерден эки миллион топтолгон.
Айыл тургуну Арпачеев балдары, неберелери үчүн колунан келгенин кылууга дайым даярмын дейт.
«Мен спорт залга өзүмдүн жанымдан, жумуштагы жамаат менен да акча коштум. Ал эми келиним мектепте иштегендиктен өзүнчө кошту. Балдарымдын келечеги үчүн дагы башка нерселер курулса акчадан жардам бергенге даярмын»,- деп айтат айыл тургуну.
Ооган-талаалык жаш Кайрат да спорт зал курулуп бүтүшүн чыдамсыздык менен күтүп жатканын билдирет.
«Спорт зал тезирек курулуп бүтсө ысыкта кыйналбай, суукта үшүбөй, залдын ичинде ойнойт элем»,- дейт окуучу бала.
Ал эми айыл өкмөтүнүн айтымында, спорт залдын акчасы элден кыйынчылык менен топтолуп бүткөн.
«Элден акча топтоо оор болду. Топтолгон акча банкка төгүлдү. Тогузунчу сентябрда республикада тендер болуп, спорт зал 15-сентябрдан баштап курула баштайт», — деп маалымдайт Эркинбек Турдукулов.
Автору: Айсулуу Эркинбекова