Түп районуна караштуу Токтоян айылында 400дөй калк жашайт. Аны жергиликтүү фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) эки кызматкери тейлейт.
Айыл тургуну Жамиля Исмаилова айылдык дарыгерлердин өз жумушун жакшы жасагандыгын айтат. Айылдык дарыгерлердин бирин көчөдө дайыма эл менен жүргөнүн көрөм дейт ал.
“ФАПтагы медайымдар жакшы иштешет, элдин мүдөөсүн аткарып, кайсы убакта болбосун чакырса келишет жана балдарга өз убагында эмдөө жасап турушат. Гуманитардык жардам катары келген даары-дармектерди эки үч жолу алгам. Дайым эле Лена [айылдагы ФАПтын кызматкери] көчөдө жүргөнүн көрөм, тез жардам чакырганда да бат келет”, — дейт Токтояндын жашоочусу Жамиля Исмаилова.
Ал пенсионерлер менен жакыр жашаган үй-бүлөлөргө дары-дармектерди жеңилдетилген баада сатылуусун уга элекмин, андайлар көп деле болбойт, деп кошумчалады.
Токтояндын дагы бир жашоочусу Гүлмира Жумакадырова жоктон көрө жогору, ушуга да тобо дейм кээде, анткени мындайларга да жетпей калган күндөрүбүз болгон, деп эскерет.
“[…] Бир кездерде айылда медайымдар калбай калган. Балдарыбызды алып барарга киши жок. Гүлүй эжеге [пенсияга чыгып кеткен медайым] барып кезекке турчубуз. Андан сырткары мурун медайымдар жокто, кошуна айылдан келишчү. Алар келсе деле бат эле кайра кетип калышчу. А биз [балдарыбызды] көргөзгөнгө жетишпей калчубуз”, — деп айтып берди айыл тургуну Жумакадырова.
ФАПтын фельдшери Лена Орозбакова карыларга жана майыптарга көчө кыдырып барып турарын билдирди. Ал негизги жумушу тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.
“Биздин эң негизги милдетибиз кош бойлууу келиндерди жана бир жашка чыга элек балдарды көзөмөлдөө. Алардын ден-соолуктарына кам көрүү болуп эсептелет. Мисалы бир жашка чейинки балдарга жугуштуу оорулардан сакташ үчүн өз убагында эмдөө жүргүзүп турабыз. Кош бойлуу келиндерди каттого алып көзөмөлдөп, такай кан басымын текшерип турабыз”, — дейт ФАПтын медайымы Лена Орозбакова.
Орозбакова Токтоянда учурда аз кандуулук көп кездешет, анын себебин тамактардагы баалуулуктун жоктугу менен түшүндүрөт.
“Тез жардамдардын дарылары тез-тез бөлүнүп турат, элдерге таратып турабыз. Жакыр үй-бүлөлөргө жана пенсионерлерге 50 пайызга арзандатуу болот”, — деген оюн билдирди Орозбакова.
Айылдык фельдшер Орозбакова дары-дармектер ар квартал сайын берилип турат, аппарат жана башка керектүү каражаттар жетиштүү, деп кошумчалады.
Даярдаган: Рита Кеңешова