Коргол орто мектебинин окуучулары арасында “Эң мыкты окуучу”сынагы уюштурулуп, жеңүүчүлөрү Талас облусуна барып, Манас Ордодо болуп кайтышты. Бул сынак мектептин тарых мугалими Өмүр Турсунбаевдин демилгеси менен өткөрүлүп, Кетмен Дөбө айыл өкмөтү тарабынан каржыланды.
Жалпысынан сынакка катышканокуучулардынарасынан жетиси жеңишке ээ болду. Жеңүүчүлөрдүн бири 6-класстын окуучусу Айдана Жумакмат кызы оз оюн мындайча билдирди.

“Биз азыр Манас Ордодо турабыз. Манас атанын музейин, күмбөз жана Кароол дөбөсүн көрдүм. Өзүмө көп маалымат алып кетип жатам. Агайга рахмат айтам”, — деди ал.
Мыкты окуучу Дөөлөт Туратбеков “Манас атабыздын ордосуна келип музейинен көп маалымат алдым. Атап айтсам, зоот кийими 48 килограмм экен, куралдарын көрдүм. Саякбай жана Сагымбай атабыздын сөлөкөттөрүн көрдүм” деп айтып берди.

Окуучулар менен чогуу келген тарыхчы Медербек Атабеков бул иш чаранын мааниси тууралуу мыдай деди.
“Бүгүнкү Манас Ордого болгон зыяраттын мааниси окуучулар үчүн абдан чоң. Анткени бул балдардын тарыхка болгон кызыгуусун арттырат, билимин тереңдетет деп ишенем”, — деген пикирин айтты ал.
Уюштуруучу Өмүр Турсунбаев бул иш-чаранын окуучулардын билимин жогорулатуу максатында уюштурулганын айтты.

“Мага бул идея, окуучулардын билимин жогорулатуу максатында уюштурулду. Манас атабыздын ордосуна сыйынып, тилек кылдык. Келечекте бул окуучулардан кыргыз элинин керегине жараган инсан чыкса деп тилейм”, — деди ал.
Даярдагандар: Миркалый кызы Шербет, Абдылкерим кызы Аида