Чоң-Арык айылында колунан бардык нерсе келген тикмечи айым өзүнүн айылдаштарына кийим тигүү, курак тигүү жана башка буюмдарды тигүү кызматын көрсөтөт.
Чоң-Арыктын уз-чебер тургуну Нургүл Ондошова 20 жылдан бери бул өнөр менен алектенет. Ал өз өнөрү тууралуу буларды айтып берди.

«Мен 2006-жылдан бери тикмечилик менен алектенем. Мурда майда иштер менен алек болчумун. Мен көбүнчө кимге эмне керек болсо ошонун баарын тигип берем. Мисалы, кышкысын жылуу кийимдерди тигип берем, жайкысын көйнөк, кофта, халат тигемин. Кээ бир ата-энелер кыздарына сеп даярдашүчүн мага заказ беришет. Мен тигүүбаасын кездемеге жараша баалайм. Ар бир кесип ардактуу дегендей өзүмө ушул жумушум абдан жагат. Мен буга абдан сыймыктанам. Элге тиккен кийимим жагыш үчүн алардын оюндагыдай болом, аны элдер аныкташ керек. Менин келечекте пландарым ушул тикмечиликти көп убакытка чейин улантайын деген оюм бар. Ушул жумушту кыздарыма, келиндериме анан сырттан келип кызыккандарга үйрөтөйүн деген ниетим бар».
Ондошованын айылдашы ӨмүрТурсунбаев тикмечи айымдын кызматын дайым колдонот. Бул жолу ал фестивалга катышуу үчүн чепкенин кайра оңдоп тиктирип жатат.

«Кыз узатуу фестивалында, Манас айтуу жана оюнга катышуу үчүн мага чепкен керек болуп, Чынара эжеге кайрылгам. Ал мага чепкенимди кайра ондоп, жакасын тигип берди», — дедиТурсунбаев.

Даярдаган: Сыргабай кызы Нуриза, Таштан кызы Айзирек, Бактыбек кызы Жайнагүл, Алмазбек кызы Анаркүл.