Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында азыркы учурда COVID-19 боюнча абал туруктуу. Бүгүнкү күндѳ айылдагы ФАПта ооруну күчѳтүп албоо жана алдын- алуу максатында кошумча стационардык зал ачылды. Адистер ФАПты кызыл зона жана таза зона деп экиге бѳлүп иш алып барышууда.
Айылдын үй-бүлѳлүк фельдшери Кулова Күнчүрѳктүн билдирүүсүндѳ:
«Ковид-19 оорусуна окшош симптомдору бар бейтаптарды кызыл зонадан текшерип алгачкы жардам кѳргѳзүлѳт, андан соң телефон аркылуу дарыгерди чакырып, таза зонага жибербестен баардык санитардык-эпидемиологиялык чараларды сакташат. Эгерде коронавирус оорусуна шектүү белгилер болсо, атайын мобилдүү бригада чакырылып, райондук ооруканага алыпкетишет. Ооруну жуктуруп алган адамга атайын КАП (консультация амбулатурных пациентов) жардамга келет, алар ѳз кеңештерин айтып бейтапты катуу кѳзѳмѳлгѳ алышат.
2021 –жылдын апрель айын алсак, айылда 13 кишиге мобилдик бригада тарабынан жардам кѳрсѳтүлдү. Алардын кѳпчүлүгү таза (отрицательный) болуп чыкты.»
Ал эми ушул эле айылдын орто билим берүү мектебинде абал тынч жана окуучулардын, мугалимдердин коопсуздугун сактоо аракетинде окуу кайрадан онлайн режимине өткөрүлдү. Буга чейин мектепте оору катталган эмес жана COVID-19 оорусуна каршы бардык санитардык эрежелер сакталган.
Оорунун башталганына кѳп убакыт болгондуктан, жашоочулар илдет тууралуу толук маалымат алып, ар бир үй-бүлѳ ѳз денсоолуктарына кам кѳрүп, атайын эрежелерди сакташууда.
Жанар Алгожоева