Кочкор районундагы Кара-Суу айылынын тургуну Айдаркан Асыкбеков чакан ишкердиктин аркасында киреше таап, үй-бүлөсүн каржылап келет. Тактап айтканда бодо мал байлап, союп этин кафе ресторандарга өткөрөт. Ал өткөн жылдагы пандемияда кандай тоскоолдуктарга туш болгонун бизге айтып берди.
— Саламатсызбы? Сиз бул иш менен алектенгениңизге канча жыл болду?
— Саламатчылык. Мен 2000-жылдан бери мал багуу менен алектенип келем, ал эми 2015-жылдан бери мал байлап союп, этин Бишкек шаарындагы кафе- ресторандарга өткөрөм. Бул ишти баштоо үчүн банктан 300 миң сом өлчөмүндө 10 % үстөк менен насыя алгам. Учурда 7 бодо байлап, семиргенин союп өткөрүп турам.
— Өткөн жылдагы пандемияда сиздин ишкердигиңиз кандай тоскоолдуктарга кабылды?
— 2020-жылы март-апрель айларында өлкөгө карантин киргизилди. Ушул учурда, албетте, киреше табуу кыйынга турду. Себеби, мал базарлар жабылып, малыбыз өтпөй калды, кафе ресторандар иштебей калды. Ошол себептүү, мал байлоо процесси узакка созулуп, жем чөп кымбаттап, чыгымга алып келди, киреше түшпөй калды. Бул көйгөй жеке эле мага эмес бардык эле ишкерлерге киреше табууга кедергисин тийгизди.
— Пандемия учурунда мамлекет тарабынан, ишкер катары, сизге кандай жеңилдиктер болду?
— Мамлекет тарабынан эч кандай жеңилдиктер каралган жок. Киреше булагы токтоп калгандыгына карабастан банктагы насыяны өз убагында төлөп турдук.Банктар бизге пандемия учурунда насыябызды үстөгү жок төлөгөнгө мүмкүнчүлүк берсе жакшы болмок.
— Келечекте чакан ишмердүүлүгүңүздү чоңойтсом деген оюңуз барбы?
— Албетте, мал байлоочу жайды чоңойтуп, 20 бодого чейин жеткирсем деген оюм бар. Бул пландарды ишке ашыруу үчүн Мамлекет тарабынан колдоо керек, арзан үстөксүз насыяларды берсе абдан жакшы болмок. Учурда эттин баасы кымбаттап, киреше табуу дагы бир топ кыйынчылыкка турууда. Ковид оорусунан алыс болсок, бул абалдан да чыгып кетебиз деген ойдомун.
— Маегиңизге чоң рахмат!
Кара-Суу: Окуучулар айылда чоң мектеп салынса дешет
Бакыт Кожокматов