Covid-19 вирусу Кыргызстанды дагы каптады. Бул вирус бүткүл дүйнөгө, адамдарга бардык тараптан таасирин тийгизүүдө. Пандемия адамдардын моралдык жактан ойлонуусуна бир кыйла өзгөрүүлөрдү киргизе алды.
Пандемия адамдарга моралдык жактан кандай таасир тийгизгендиги тууралуу Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айылынын тургундарынан сурамжылоо жүргүздүк.
“Быйылкы жыл чоң сыноо жана жаңы кадамдардан болду. Көптөгөн иш-аракеттерибиз, алдыга койгон пландарыбызды токтотуп турууга аргасыз болдук. Изоляция учурунда жашоого болгон көз караштар бир кыйла өзгөрдү. Менин жеке оюмча вирустун бизге моралдык жактан тийгизген оң таасирлерин айта кетсем, адамдардын бири-бирине жасаган мамилеси, ал тургай бир туугандардын ортосундагы мамиле бекемделип, бири-бирин барктап, ортодо сый-урмат күчөп, жүрөктөгү ыйман ойгонду десем жаңылбайм.
Кыйын кырдаалда кыргыз эли өзүнүн биримдиктүү эл экенин далидей алды. Кыргыз эли менен канчалаган башка өлкөлүк жарандар дагы сыймыктанып жатышты. Мындан тышкары, ата-эне менен баланын ортосундагы мамиле жакшырды. Андан тышкары, мугалимдердин эмгеги бааланды. Албетте, терс жактары мындан дагы көп болду. Материалдык жактан дагы, моралдык жактан дагы кыйла өзгөрүүгө дуушар болдук. Бардык мекемелер карантинге жабылды. Өлкөнүн экономикасы, билим берүү тармагы дагы аябай аксады. Учурдан пайдаланып, элиме ден-соолук, ыйман, аманчылык, бакубат жашоо каалайт элем. Ушул оор кырдаалдан оңой чыгып кетебиз деген ишеничтемин”.
«Быйылкы жылы элибиз моралдык жана материалдык жактан кандайдыр бир деңгээлде өзгөрүүгө дуушар болду. Моралдык жактан элибиз кыйын күндө бирин-бири колдоп, жакшы сөздөрүн айтып, ооруну жеңгенге түрткү боло алышты. Ал эми материалдык жактан дагы эл бирин-бири камсыздай алышты. Ар кандай демөөрчүлөр, бизнесмендер эли жери үчүн колдон келген жардамдарын аяшкан жок. Негизи карапайым калк материалдык жактан дагы, моралдык жактан дагы кыйналышты. Мындан ары оору сыркоодон алыс болуп, эли-жерибизде тынччылык болсун дейм.»
“Covid-19 вирусу адам баласынын жашоосуна материалдык чыгым гана алып келбестен, моралдык жактан дагы көп таасир калтырды. Бул вирус жүрүп жаткан мезгил адам баласынын жашоосундагы эң оор учурлардын бири болду. Биздин эл мындай кыйынчылыктарга моралдык жактан даяр эмес болчу. Кыргыз эли меймандос, конокту сүйгөн эл. Дайыма бири-бири менен карым-катнашта болуп, ал жай сурашып, байланышта болуп турууну жактырышат. Коронавирус учурунда адамдар бирибизди көрүшпөй калдык. Көрүшкөнүбүз бир туугандарыбыз менен кучакташып учурашпай калдык. Адамдар бирибизди бирибиз көргөндө шек саноо менен карап, жакындоодон корктук. Социалдык тармактарга тараган так жана так эмес маалыматтарды абдан көп окуп жаттык. Бул маалыматтар эл үчүн моралдык жактан абдан терс таасирин тийгизди.
Күнүгө катталып турган оорулуулар менен өлүмдүн саны көбөйгөн сайын, бардыгыбыз кооптонуу менен жашап калдык. Эмне деген гана чыгаан адамдарыбыз арабыздан кетти. Аларды укканда да элибиз моралдык жактан чарчап, психикалык жактан ооруп калып жатышты. Эми мындан аркы жашообузда мындай алаамат келбесин. Элибиз материалдык жана моралдык жактан эч качан жабыркабасын. Келечегибизди кийинки муунга татыктуу тапшырып берели.»
«Бул коронавирус пандемиясы мага көп нерселерди билип алууга, мурда түшүнө билбеген, бүтүрө албай жүргөн иштеримди бүтүрүүгө жардам берди. Эң башкысы убакытты туура пайдаланууну жана убакыттын ушунчалык баалуулугун, аны туура жакка жумшоо керектигин түшүндүм. Пандемияга чейин жөн гана дүкөнгө баруу, көчөгө чыгып сейилдөө, китепканага баруу мезгилдери абдан баалуу убакыт болгондугун түшүндүм. Мындайча айтканда пандемия учурунда, мурунку пандемияга чейинки жашоо абдан керемет болгонун билдим. Ар бирибиз каалагандай убакыт өткөрчүбүз, каалаган нерселерибизди аткарчубуз. Азыр ойлосом, болбогон гана майда-барат иштер үчүн жашоого нааразы боло берчү экенбиз.
Карантин учурунда жеке мен гана эмес, көпчүлүк адамдар шүгүр келтиргенди үйрөнүштү го деп ойлойм. Бул апаат адам баласына сыноо катарында берилди. Ошол эле учурда азыркы заманда көпчүлүк адамдар текебер болуп, бири-бирине кыйын сынып, бир гана байлык-бийликти ойлоп, бири-бирине каралашпай калгандар да жок эмес эле. Пандемия адамдарга канчалык кыйын болсоң да, ким болсоң да бир күнү баары бир түбөлүктүү жашоого кетесиң деген ойду жакшы түшүндүрдү окшойт. Мындайча айтканда адамдардын пейили бузулуп баратты эле, кайра бардыгын ордуна койгондой болду.»
Перизат Таштанова