Жашы жете элек эрте никеге тургузуу баланын укугун одоно бузган болуп эсептелет жана алардын билим алуусун чектеп, кыздын ден соолугуна чоң зыян алып келет. Коомчулук ата-энелер менен биргеликте иш жүргүзүп, кыздардын эрте турмуш куруусун токтотуу керек.
Кеңеш айыл аймагындагы №9 ҮДТнын акушери Хадича Жамшитбек кызы өспүрүм курактагы кыздын турмуш куруп, балалуу болгонго организми даяр эместигин, алардын кош бойлуулук кези, төрөтү ар кандай коркунучтар менен коштолорун, аз кандуулук оорусу менен ооруу, бойдон түшүү, айына жетпей төрөп коюу, аномалдуу балдардын төрөлүү коркунучтары бар экенин билдирди:
Хадича Жамшитбек кызы
“Медицинада кыз бала 18 жаштан баштап турмуш курууга болот деп айтылганы менен азыркы учурда 18 жашта деле толугу менен физиологиялык, психологиялык жактан даяр эмес. Ошондуктан жаш кыздарды никеге туруудан, эне болуудан биз медицина кызматкерлери, жалпы эл коргошубуз керек. Ар бир кыз өз убагында турмуш куруп, өзүнүн да баласынын да ден соолугу чың болгону коомчулука да, мамлекетибизге да жакшы” – дейт Хадича Жамшитбек кызы.
Өлкөбүздө 2016-жылдын ноябрь айынан баштап жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салган мыйзам иштеп баштаган. Ал жашы жете электердин эрте турмуш куруусуна жол бербөө максатында кабыл алынган.
Куу-Майдан айылынын имамы Ысаков Нурмамат: “Имамдар уулбу же кызбы 18 жаштан кийин гана нике окуганга укуктуу. Биздин айылда жашы жете элек өспүрүмдөрдүн турмуш куруусуна тыюу салынган мыйзам толугу менен иштейт деп айта алам” – деп билдирди.
Ал эми Жапар Нышанов мектебинин тарбиялык иштер бөлүмүнүн башчысы Айжамал Абдикеримованын билдирүүсүндө жеке гигиена жана эрте никеге туруу боюнча жылдык план түзүлүп атайын иш чаралар тез-тезден өткөрүлүп турат:
“Кыздар кеңешинде атайын бул тема боюнча түшүндүрүү иштери болот. медицина кызматерлери жана айылыбыздын активист айымдары менен жолугушуу өткөрдүк. Анда кыздардын эрте эне болуудагы кооптуу абалдарын, ошондой эле жаш кыздын психологиясы да даяр эмес экени түшүндүрүлүп, класс жетекчилер тарбиялык сааттарды өтүштү.” – дейт Айжамал.
Айжамал Абдикеримова
Мектеп окуу бөлүмүнүн башчысы Айтигүл Абдувалиева: “Ата эне кызын турмушка эрте берсе келечегине балта чапкан болот. Эрте турмуш куруу бат ажырашууну пайда кылат, бала ата энесинин мээримине зар болуп, келечекте жаман иштерди жасаган коом тарбияланат. Дени сак эмес ара төрөлгөн балдар гендердин бузулуусуна алып келет”, – дейт.
Айтигүл Абдивалиева
Укук коргоо органдарынан, мектепке бөлүнгөн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспкциясы жана өкмөттөн социалдык коргоо кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мектепте балдарды окууга кызыктыруучу ар кандай сынактар өткөрүлүп келе жаткандыгын да кошумчалады.
Эрте никеге туруунун жыйынтыгында кыздардын ден соолугуна коркунуч жаралып, аларды билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат. Билими жок кыздар жакшы кесипке ээ болбой, ар дайым күйөөсүнөн жана анын үй бүлөсүнөн көз каранды болот. Билимсиздиктин натыйжасында өз балдарына да билим бере албай, коомдо билимсиз үй-бүлөлөр көбөйөт.
Аймончок Кожонова