«Медиа борбор «Демге-Дем» коомдук фонду Кыргыз Республикасында адам сатуунун алдын алуу боюнча долбоордун алкагында журналисттер жана активисттер үчүн окутуу уюштурду.
Окутуу 18-майдан 20-майга чейин Ысык-Көлдүн пансионаттарынын биринде уюштурулду. Тренинг АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Демократиялык комиссиясынын колдоосунда өткөрүлдү».
«Коомдогу адам сатуунун алдын алуу боюнча долбоор үч негизги багыттан турат:
1- Кыргыз Республикасындагы адамдарды сатуунун курмандыктарынын реалдуу окуяларына негизделген даректүү тасманы жана комикстердин сериясын көрсөтүү аркылуу адамдарды сатуунун курмандыктарын алдын алуу.
2- Мугалимдерди, аймактык координациялык кеңештердин мүчөлөрүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн, коомдук активисттерди жана башка ыктыярчыларды чогултуу аркылуу адамдарды сатууга каршы күрөштү активдештирүү,
3-Кыргызстандагы азыркы жана потенциалдуу мигранттардын эмгекчилердин көйгөйлөрү жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу, маалымат кампаниялары аркылуу адам сатуунун алдын алуу максатында мыйзамсыз миграциянын тобокелдиктерин түшүндүрүү болуп саналат« -дейт Чолпон Кылжырова «Медиа борбор «Демге-Дем» коомдук фондунун директору.
Демге-дем медиа борбору 2010-жылы уюшулуп, коомдук иш чараларды өткөрүп, менеджер, журналист, операторлордун квалификациясын жогорулатат жана жалпыга маалымдоо каражаттарын агартууга салым кошот
Окутуунун тренери Элима Джапарова: «Бул тренинг бир эле учурда бир нече милдеттерди камтыйт – бул адам сатууга каршы күрөшүү боюнча билимдерди берүү жана катышуучулардын, анын ичинде бейөкмөт уюмдардын жана мамлекеттик органдардын кызматкерлерин, журналисттерди жана мугалимдерди бириктирүү үчүн шарттарды түзүү. Алар Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келишкен жана аларды бир максат — адам сатуунун алдын алуу үчүн калктын билимине салым кошуу бириктирип турат.», -деп билдирди.
Эмне үчүн адам сатуу көйгөйү азыр актуалдуу?
Адам сатуу – бул көйгөй, анткени ал адамдын эркиндик, коопсуздук жана кадыр-барк укугу сыяктуу негизги укуктарын бузат. Адам сатуунун курмандыктары оор шарттарда жашоого аргасыз болушат, көп учурда жасаган иштери үчүн акы алышпайт, физикалык жана психологиялык зомбулукка кабылышат. Кошумчалай кетсек, адам сатуу эл аралык көйгөй болуп саналат, ал көптөгөн мамлекеттерге тиешелүү жана аны чечүү үчүн биргелешкен аракеттерди талап кылат.
Адам сатуу менен кантип күрөшүү керек?
Адам сатууга каршы күрөшүү өкмөттөрдүн, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун биргелешкен аракеттерин талап кылат. Адам сатуунун курмандыктары адилет компенсация жана корголушу үчүн мыйзамдарды жана сот системасын өркүндөтүү керек. Мындан тышкары, адам сатуу көйгөйүнө коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу жана анын алдын алуу боюнча маалыматтык кампанияларды жана окутууларды өткөрүү керек.
Адам сатуу боюнча кошумча маалыматты бул макаладан окусаныз болот
Гулназ Жумагулова