Көптөн күткөн «Ден соолук кербени» Чолпонго да келди. Айыл жашоочулары тажрыйбалуу дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүштү. Жарандарды акысыз медициналык текшерүүдөн өткөрүп, акысыз даарылашты.
Бул проекттин негизги медициналык координатору Аида Муктаровна төмөндөгүлөргө токтолду: «Мен Алаева Аида Муктаровна. Ушул проекттин медициналык координатору болом. Бул проект быйыл өз ишин баштап жатат. Эң алгач Мантыш айылына келгенбиз. Ал жакта бир апта өз ишибизди толук түрдө баштадык.
Проекттин башкы максаты: Күчтүү ооруларды жеткирбеш үчүн алдын алуу. Биздин жарандардын көпчүлүк бөлүгү бир жери ооруп күч алып кетмейинче, дарыгерге кайрылбай жүрө беришет. Ушуларды алдын алыш үчүн атайын келип отурабыз. Кербен боюнча келген специалисттерибизден 7 дарыгерибиз бар (невропатолог, эндокринолог, терапевт,гинеколог ,окулист, стоматолог).
Кочкор районуна план боюнча толук 21 күн иштегени келгенбиз. Мында иш күндөрү эсепке алынган жок. Ушуну менен 6-июнда Кочкор районунан чыгып кетишибиз керек. Чындыгында Кочкор району абдан чоң экен , калктын саны да арбын. Биз ойлогон оюбузга жете албай жатат окшойбуз. Себеби, профосмотр деп жүргүзгөнү менен көп айыл жашоочулары ичинде түшүнбөстүктөр болуп жатат.
Мисалы, бир жума мурун ооруканага барып келгендер деле кайрадан бизге келип жатышат. Андай маалыматтарды дагы түшүндүрүп , өздөрүнүн кароочу жеке дарыгерлерине көрүнүүсүн сунуштап жатабыз.Бизде күнүнө 60-70 кардар медициналык текшерүүдөн өтөт. Жалпылап алганда 3000 ге жетти.Бул проект Россия федерациясы тарабынан каржыланып келет. Дарыгерлерге төлөнгөн каражат, күйүүчү майлар 1 жылга чейин толук түрдө Россия каржылап турат.
Жүрүүчү унаалар дагы Россиядан жардам катары берилген. Камаздардан 2020- жылы май айында 4 келген. Ысык-Көл, Чүй, Талас, Нарынга 2 камаз, ал эми 2 камаз калган Баткен, Жалал-Абад, Ошко иштейт. Былтыр эле иштеп баштамакпыз . Бирок, ортодо көп маселелерден улам чечилбей калган эле.
Быйыл май айынан баштап иштей баштадык».
Үй- бүлөлүк дарыгер Дамира Айткеева:
«Мен Айткеева Дамира. СОПВ ГС номер 6 клиникасынын
жетекчиси. Бизге ден соолук кербени 23 — майда келген. Чолон айыл тургундары 23- 24 майда көрүнүштү, бизде жалпы 6 ФАП бар, ар бирин тизмектеп бөлүп көрсөттүк. Жалпы көрүнгөн тургундардын саны 412 кишини түздү. Анын арасынан көптөгөн оорулар кездешти. Ооругандардын ичинен 9 кишиде туберкулез оорусу аныкталды, бирок кээ бири мурда ошол оору менен күрөшүп келгендер. Бейтаптардын ден соолук кербенинен көрүнүп чыккан анализдери менен биз учётко алып дарылай баштадык. Тургундардын көпчүлүгү келип рецепт алып дарыланышууда».
«Мен Касымова Айзада Эстемировна. Чолпондо улуу мед айымы болуп иштейм жана Ара-Көлдө фельдшермин. Ошентип, азыркы учурда 2 жакта иштеп жатам. Ден соолук кербенине келип текшерилген жашоочулардан зоб жана башка оорулары катталды. Ара-Көл айылына 27 -май күнү катталышты. Ал жактан 33 айыл тургуну көрүндү. Ошонун ичинен 2 туберкулез оорусу катталып, калганы мурунку оорулары менен катталды. Катталгандардын медосмотрга 20 киши оорусу барлар көрүнгөнгө 10 орунга уруксаат берилген жана жаштар да келип көрүнүштү».
Аяна Аскарова, Малика Жумабекова