Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылындагы “Ак кептер” жамааттык мультимедиаборборунда 28-март күнү «Немец толкунунун» (Deutsche Welle) кызматкерлери иш сапары менен болуп кайтышты.


Борбордо аларды “Ак кептердин” координатору Чакчагаев Султаналы, ыктыярчылар Туратбеков Азирет, Азаркулова Элина жана Бейшенбекова Гүлзаада тосуп алышты.


«Немец толкунунун» кызматкерлери Карин жана Сюзанна менен борбордун ишмердүүлүгү тууралуу жана алар өз уюмдары жөнүндө бири-бирибизге суроолорду берип, менен бир сааттан ашык маек куруп отурдук.

Алар «Ак кептердин» ыктыярчылары тарткан «Бойдоктор» аттуу тасмасын да көрүштү.
Ошондой эле келген коноктор айылда болуп жаткан үйлөнүү тоюнун үстүнөн чыгышкандыктан ага да күбө болуп кетишти.



Аягында бири-бирибизге ийгиликтерди каалап, кош айтыштык.
Даярдаган: Чакчагаев Султаналы