Исфана шаарында жаңы “Одноклассники” аттуу кафе өз ишин баштады. Жакшы шарттагы кафени Орусияда иштеп келген мекендештерибиз түптөдү.
Сарваржон Ташпулатов кафени ачкандардын бири. Анын айтымында, учурда кафеде беш киши иштеп жатат.
“Орусияда белгилүү ресторандардын биринде ашпозчу болуп иштеп жүрдүм. Тамактарды даярдоо жолун үйрөндүм. Андан кийин ушундай кылып өз мекеним Кыргызстанга ачсамбы деген ой келип, бир туугандарыма айттым. Алар дагы макул болушуп, жашаган жерим Исфанага келип, өзүбүзгө ынгайлуу жер таап иш баштадым. Иш баштоого аябай көп каражат кетти. Канча кеткени сыр эле бойдон калсын”, — деп айтып өттү Ташпулатов.

Кафенин тамактарынын тизмесинде биринчиге беш түр, экинчиге 10-12 түр тамак жасалат жана салаттын, суусундуктун, таттуулардын түрлөрү даярдалат.
“Кафенин ачылыш күнү мусулманча келген кардарларга бекер тамактар таратылды. Ишим алдыга жылса, кеткен каражатымды актайт деген ойдомун”, — деп кошумчалай кетти ал.



Бул кафе башка жерлерге караганда өзгөчө экендигин айтат тамактанганы келген Максатай Искандарова.

“Мурда Тажикстанга барып ушундай ашканаларды көрүп, бизде деле капчыктуу кишилер бар го, ушундай кылып ачып койсо жакшы болмок деп ойлочумун. Мына эми бизде дагы ачылып кубанып отурган кезим. Тамактары арзан жана даамдуу”, — деди Искандарова.
Даярдаган: Амина Жанибекова
НЖ
Сынак үчүн