Жай мезгилинде күндүн аптабында адамдар бала — бакырасы менен эс алууга жөнөшөт. Кээ бирлери бир күндө миң кубулган, толкуну тоого урунган кереметтүү Ыссык-Көлгө барышса, кээ бирлери абасы кымыз жыттанган, кишенеп бээ үн салган жайлоого барышат. Ошондой жайлоолордун биринде Оттук айылынын тургуну Жолдошбек Ашымов жубайы Динара Исмаилова менен биргеликте чакан “Диснейлэнд” аталышында эс алуучу жай түзүшкөн.
Оттук айылынын тургуну Динара Исмаилова
«Биз бул эс алуучу жайды “Диснейлэнд” деп атаганыбыздын себеби, өнүккөн өлкөлөрдүн ичинде Диснейлэнд аталышында ири парктар, оюн зоок имараттар ж.б. жайгашкан экен. Биз ошол мамлекеттердеги Диснейлэнддин дизайнын алып, жаш бөбөктөрүбүздү, ички жана тышкы туристтерге жагымдуу маанай тартуулоо максатында бул эс алуучу жайды ачканбыз.
Бул жерде меймандар үчүн боз үй тигилип, тамак- аш бышыруу үчүн жайлар уюшулган. Балдар үчүн да атайын чакан аянтчабыз бар. Ошондой эле кичинекей бөбөктөр үчүн мультфильмдерге саякат жасоо мүмкүнчүлүгүн да караганбыз. Башкача айтканда, атайын каармандардын костюмдарын кийип алып, жагымдуу маанай тартуулайбыз.
Мындан сырткары өзүбүз бээ саап, кымыз жасайбыз. Эс алууга келген меймандар бизден бээнин сүтүн, кымыз сатып алып ичишет”.
Долон капчыгайындагы эс алуучу жай
Ушундай төрт тарабы тоолор менен курчалган, сай-сайынан суулар ташка урунган кооз жерге алыстан келген эс алуучулардын пикирин уксак:
«Биз бул жерге төрт жылдан бер келип эс алабыз. Бардык шарттар каралган, балдарга оюн аянтчалары, эс алуучу жайлар, тамак ичүүчү жай, жуунучу жай, дегеле баары жогорку деңгээлде каралган. Капчыгайдын абасы таза, тамак-аштар табигый, суусунун таза болгону менен баалуу. Ошол себептен жылда келип эс алып турабыз. Биздин эс алуу ойдогудай өтүп жатат”,- дейт Айдай Бердибекова.
Диснейлэнддин каармандары
Бул жерде жеке адамдар гана эмес коллектив менен да эс алууга көп келишет.
Айнура Сыдыкова: “Жаратылыштын кучагында, карагайлардын арасында кымыз ичип, таза аба менен дем алып, эс алуу бул абдан сонун. Жылына коллектив менен эс алып келебиз. Үй-бүлөбүз менен келип бээнин сүтүн ичип, дарыланабыз. Азыркы учурда пандемиянын шартында ден соолукту чыңдоо өтө зор мааниге ээ экендингин баарыбыз көрүп жатабыз. Ушинтип эс алып кетүү биз үчүн салт болуп калгандай”,- дейт.
Сүрөт: Ат — Башы Босого жайлоосу
Сүрөтбаян: Жайлоонун керемет көрүнүштөрү
Акбермет Руслан кызы