Боз үй жалпы эле көчмөн элдердин негизги сууктан калкалоочу, жашоо турмушу өтүүчү турак-жайы болгон. Ал ар кандай майрам, салтанаттарда да тигилип жүрөт. бүгүн боз үйдүн түзүлүшү, анын сактоо жана колдонуу тууралуу айтып беребиз.
Боз үй-көркөм, тигип-чечүүгө жөнөкөй жана жеңил. Аны чечип туруп бүктөп койсо, бир төөлүк гана жүк болот, тигип койсо, адам жашай турган турак жайга айланат. Боз үй кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүнүн эң мыкты чыгармасы. Боз үйдүн эң мыктысы өргөө деп аталат. Ага от жагылбайт, чыгдан тартылбайт. Боз үй негизинен жыгач, кийиз, чий, боо-чуудан турат. Боз үй кыргыз элинин илгертеден бери колдонулуп келе жаткан турак жайы.
Боз үйдүн так ортосу коломто, эшиктин бет маңдайы тор, эшиктин жаны улага, киргендеги сол тарап эр жагы ыпча, оң тарап эпчи жагы деп бөлүнөт. Боз үйдүн эшигин ачып, босогосун аттап кирер менен эле төрдөгү жыйылган жүккө көз түшөт. Керегедеги не бир түрлөнүп сайылган туш кийиз, түркүн оюм түшүрүлүп жасалган жердеги шырдак, ала кийиз, колдолондор көз жоосун алат. Эпчи жагында алабакан, чыгдан жайгашкан, кереге баштарына аяк кап, чыны кап илинген. Сабада шырылдап кымыз ачып турат. Анын жагында көөкөр, көнөк, көнөчөктөр койкоёт. Эр жагына эркек кишинин кийими, куралы, ат жабдыктары илинип коюлган. Улаганын бир тарабында ээр токум, эгин салынган кап, экинчи жагында отун турат.
Боз үй кыргыз элинин илгертеден бери колдонулуп келе жаткан турак жайы, жайында салкын, кышында жылуу. Каттуу кар жааган кышта деле мешти коюп, же жылуулукту ыңгайлаштырып, боз үйдө жашаса болот. Жайдын жылуу мезгилинде боз үйдө жашасаң салкын жаан ыңгайлуу. Боз үйдү ата-бабадан калган мурас катары ардактап тигип келишкен. Боз үй көчмөндөрдүн архитектурасын жана элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн туу чокусун чагылдырат. Орточо эсеп менен бир үй-бүлө боз үйдү тигүүгө 1 саат сарптаса болот.
Көптөгөн көчмөн элдердин тилдеринин боз үйдүн жөнөкөй мааниси “үй” же “турак жай” деп которулган.
Милана Тынчтыкбекова, Нагима Мирланова, Назик Арстанбек кызы, Арген Токторбеков