Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында «Эне ою секелек кызда» деген аталыштагы тренинг болуп өттү.
Аталган тренингге айылдагы айымдар, өспүрүм кыздары менен биргеликте катышып, эрте никеге туруунун кесепеттери тууралуу талкууга катышып жана көптөгөн маалыматтарды ала алышты.
Тренинг айыл өкмөттүн китепканасында, өткөрүлдү
Тренингди Ача-Кайыңды айылдык жергиликтүү кеңештин депутаты Гүланда Асанова алып барып, айылдын Аялдар Кеңеши менен биргеликте уюштурган.
«Бул иш-чараны биз эне менен кыздын ортосундагы мамилени чыңдоо максатында уюштурдук. Тренингде биз ар кандай маселелер тууралуу сүйлөштүк. Эң негизгиси эне менен кыздын ортосунда ар дайым ачык сүйлөшүү болуп туруусу жана апалар кыздарынын көйгөйлөрүн билип туруусу керек. Ошол эле учурда кыздар дагы апасынын айткан акыл-насааттарын туура кабыл алуу керектигин талкууладык.»
Айылдык кеңештин депутаты Гүланда Асанова тренингди алып баруу учурунда
Ар кандай кызыктуу оюндар, эне менен баланын ортосундагы ишеним бекем болушун маанилүү экенин көрсөттү
Иш-чаранын жүрүшүндө апалар менен кыздардын ортосундагы мамиле кандай, алар менен кандай темада тууралуу сүйлөшсө болору талкууланып, ар кандай оюндар, суроо-жооптор менен коштолду.
Апалардын бир күндүк жашоосу кандай өтөт деген темада сүрөт тартуу
Мындай окутуулар азыркы учурдун талабы жана абдан маанилүү деген ою менен тренингдин катышуучусу Атыркүл Үтүрова бөлүштү: «Азыркы учурда зордук-зомбулук күчөп турган кезде мындай иш-чара абдан актуалдуу деп эсептейм. Уюштурурган Аялдар Кеңешине жана депутат Гүланда Асановага терең ыраазычылыгымды билдирем жана алар өз максаттарына жетти деп ойлойм. Эрте никеге туруунун терс жактарын дагы бир эсе эске салып, балдарыбызга жеткире алдык окшойт.»
«Кызыңызды же апаңызды канчалык жакшы билесиз» деген суроо-жоопторго жооп берүү учурунда
Жыйынтыгында катышуучуларга белектер тапшырылып, чакан концерт уюштуруу менен көңүлдүү маанай тартууланды.
Асел Үркүнбаева