Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы жана Тогуз-Торо администрациясынын орун басары Дамир Тагайбек уулу, Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министиринин орун басары Жаныл Алыбаева жана КРнын министирлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун коомдук башталыштагы кенешчиси Урмат Токтожумаев катышып, чакырылган 150 энеге Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы өзүнүн атынан белектерди тапшырды.
Ошондой эле 30 эне Ардак грамоталарын алып сыйлоо баракча номинация төш белгилер менен сыйланышты. Ал эми Райондук Маданият бөлүмү тарабынан чакырылган энелерге концерттик программа тартууланды.
Мындан сырткары, райондук эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы жана райондук Аялдар кенеши менен биргеликте 50 энеге “Энелер мектеби”боюнча семинар жана сый тамак уюштурулду.
Бул чакан иш-чара боюнча райондук тургундар өз оюн айта кетишти:
Сайрабубу Сатыбалдиева: “Мен эң биринчиден Жогорку Кенештин депутаты Аида Исатбек кызына ыразычылык билдирем. Анткени биздей болгон энелерге өз атынан белектерди тапшырып жакшы калоо- тилектерин айтып кетишти. Чоң рахмат иштеринде ийгиликтер болсун, ушул баарыбыздын батабыз тийип Тогуз-Торону өркүндөтүп жүрө берсин.”
Зейнеп Сегизэкова: “Бүгүнкү кыскача концерт абдан жакшы болду. Жогорку Кеңештин депутаты келгени биз үчүн сыймык. Анткени өзүнүн туулуп өскөн жерине келип, энелерди кутуктап турганы кандай жакшы мага жакты чоң рахмат уюштуручуларга.”
Аэлита Илиязова