Кароо сынакка райондук ооруларды алдын алуу жана МСЭК борборунан А.Жакишов атындагы жалпы дарыгерлер иш тажрыйба борборунан, райондук эмгек иш менен камсыз кылуу жана миграция башкармалыгынын жана райондук финансы бөлүмүнөн айымдар катышты.
Жыйынтыгында төмөндөгүдөй орундарга ээ болушту:
1-орунду-Райондук финансы болумунун жетектоочу адиси Калыкова Зубайда
2-орунду-Райондук Эмгек иш менен камсыз кылуу жана миграция башкармалыгынын адиси Майрам Молдобаева
3-орунду Райондук орууларды алдын алуу жана МСЭК борборунун эпидемилогунун жардамчысы Бермет Алымкулова
4-орунду-А.Жакишов атындагы жалпы дарыгерлер иш тажыйрба борборунун мед айымы-Гүлжамал Эгешова
Байге фонду 1-орунга 5000сом, 2-орунга 4000сом, 3-орунга 3000сом, 4-орунга 2000 сомду түзүп, мындан сырткары райондук мамлекеттик адмнистрация башчысы аким М.Карагуловдун атынан 1-орунду багындырган кокурсантыбыз Зубайда Калыковага 5000сом акчалай сыйлык ыйгарылды.
Сынактын максаты:
1.Районубуздагы үлгүлүү жакшы сапатарды тута билген ар өнөргө шыктуу аялзаты болгон энелерибиздин акылмандуулугун талантарын чыгармачылыктарын кол өнөрчүлүк жөндөмдүлүгүн ишмердүлүктөрүн эл арасына жайылтуу даңазалоо жана өркүндөтүү;
2.Кыргыздын улуттук өзгөчөлүктөрүн нукуралуугун нарк-насилин жана каада-салтын даназалап жайылтуу, келечектеги муундарды ыймындуулукка адептүүлүккө сабырдуулука ынтымакка биримдике жана эмгекчилдикке тарбиялоо.
Бул сынак боюнча Тогуз-Торо районунун тургундары өз ойлорун билдирип кетишти:
Айпери Коңурбаева:
«Бул сынак чындыгында абдан жакшы өттү. Мен ойлойм ушундай беттешүүлөрду дагы өткөрсөңүздөр баарыбыз абдан кубанып көрүп турар элек. Катышкан катышуучуларды дагы куттуктайбыз ишиңиздерге ийгиликтер болсун.”
Акматова Шаарбүбү: “Мен биринчиден рахмат айткым келет биздей болгон энелерге жагымдуу маанай тартуулашты сүйүнүп калдык. Эң негизинен уюштуруучуларга рахмат жакшы түзүшүптүр кыскасы сонун болду.”
Аэлита Илиязова