“Устаттан билим алуу” аттуу аталышта Гапыр Мадаминов өздөрүнүн шакирттери менен келди. Тогуз-Торо райондук маданият үйүнө 500дөн ашык адам келип, ата-энелер жана мугалимдер,окуучулар, жетекчилер катышышты.
Гапыр Мадаминов азыркы учурда олуттуу болуп келаткан “Эмне учун балдар окууга кызыкпайт” жана “Мугалимдердин сабагы балдарга жукпайт”, “Ата- энелер балдардын окуусуна көңүл бурбайт” деген 3 суроого токтолуп ушул суроого атайын китептерди жазганын айтты.
Андан сырткары, ал озунун методдору эксперменттери менен ата-эне мугалимдерди текшерип, түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Асан Абдраимов атындагы орто мектебинин мугалими Нуркамал Шайнаевага ата-энелер мектебин Тогуз-Торо районунда мектептерде бала бакчаларга, айрым мекемелерде өткөргөнү тууралуу маалымат берип өттү.
Гапыр Мадаминов айыл тургундары алган китептерге кол тамгасын коюп берип жатат
Гапыр Мадаминов өзүнүн методдору менен бөлүшүп окуучуларды ЖРТга олимпиадага кантип окутуп, түшүндүрүп, өзүнүн ыкмасы менен катыштырууга болот экенин айтып берди. Ал өзүнүн айылындагы биринчи жолу 1997-жылы гимназиянын ачылганы тууралуу бала белгилеп кетти.
Гапыр Мадаминов
“Агай” сериалынын мазмунунда ата энелер гимназияга балдарын жибербей окутууга каршы болгону тууралуу бирок ага карабастан аракеттенип, балдарды окута ала тургандыгын көргөзүп кандай кыйынчылыктар болгонун айтып берип жатты.
Иш- чара жыйынтыктап калганда райондун тургундары өздөрүнүн сурооолорун берип, толук жооп ала алышты. Жыйынтыгында агай өзүнүн жазган китептерин таратып берди. Айылдарды кыдырып жүргөнүн айтып Ат-Башыга сапарын тартты.
Тогуз-Торо райондун айрым тургундары агайдын сөзүнө тасирленип, өздөрүнүн оюн айтып, бөлүшүп кетишти.
Амантур Чынарбеков (окуучу): Агайдын келгенине биз абдан сүйүнүп жатабыз.Бизге жакшы кеңештердиберди. Гапыр агайдын сөздөрү абдан тарбиялуу болду.Менин дагы да окуума себеп болду десем жанылышпайм.”
Мээрим Алиева(ата-эне): “Гапыр Мадаминов агай Тогуз-Торо элине келгенине абдан сүйүндүм. Тогуз- Торо элине кут конду деп ойлойм бул агайдын ар бир созу ар бир чыгарган китеби абдан маанилуу балдарды кантип тарбиялоо өзүңду өзүн тарбиялоо мен балдарым үчүн атайын барып агайдын 6 чыгарма китептерин алдым. Балдарым болуп чогуу окуйбуз.”
Атыкулова Жылдыз (мугалим): “Гапыр Мадаминовдун келгени баардык мугалимдерге окуучулар жана ата-энелер учун жакшы стимул эң бир балуу мотивация болду деп ойлойм.Агайдын ар бир айткан сөздөрү тырмакчага алынып, түбөлүк сакталат деген ишеничтемин”.
Аэлита Илиязова