Баатыр эне ордени жана «Эне Даңк» медалдары Тогуз- Торо районунун апаларына тапшырылды.
Бул туралуу Тогуз-Торо райондук администрациясынын социалдык иштер боюнча адиси Наргиза Нургазиева билдирди:
“Тогуз-Торо району боюнча документтери 2018- жылы кетирилип, толук өтүп, 2019-жылы 16 Баатыр Эне ордени жана 23 Эне Даңк медалдары келип апаларыбызга райондук маданият үйүндө, аким Айбек Кожошов тапшырды. Мындан сырткары, ар бир энеге бирден жоолук жана гүлдөр белекке берилди”.
Эне даңк медалын алган Күмүшкан Чотурова оюн төмөнкүчө айтып өттү:
Мен аябай кубанычтамын. Бизди мамлекет тарабынан колдоп бизге сыйлык берип жатышат. Ушул балдарды канча азап менен багып, өстүрүп жатабыз. Бүгүн акыбети кайтып, сүйүнүп жатабыз”, — деди Чотурова.
Даярдаган: Альбина Бейшеналиева