Ак-Талаа районундагы балдардын билим борборунда 8-март Аялдардын Эл аралык майрамына карата “Энелерге таазим” деген аталышта “Акыл ордо” интеллектуалдык оюну өттү. Оюндун жобосуна ылайык макалдарды табуу, мамлекеттик атрибуттар, кыргыз элинин улуттук буюмдары тууралуу суроолор,тапшырмалар берилип, ага 11 окуучу катышты.
Интеллектуалдык оюнга катышкан жаш кол өнөрчүлөр
Окуучулар оюндун жүрүшүндө ийримде өз колдору менен жасаган белектерин беришти.
Кыздар апаларына өздөрү жасаган белектерди беришти
Кыздарынын өнөрүн көрүүгө келген апалар
Балдардын билим борборунун кол өнөрчүлүк ийриминин жетекчиси Венера Молдакунованын айтымында өтөрүлгөн интеллектуалдык оюндун негизги максаты балдардын ийримдеги убактыларын максаттуу өткөрүүгө багыттоо менен борбордо үйрөнгөнүн, жөндөмүн, талантын ата-энелерге таанытуу.
Венера Молдакунова кол өнөрчүлүк ийриминин жетекчиси
“Бүгүн ата-энелер дагы өздөрүнүн балдары катышып жаткан оюнга келип, көрүп, алардын жасаган буюмдарын, эмгектерин көрүп, абдан ыраазы болушту. Эми мындай жакшы пикирлер балдар үчүн да мотивация берет. Аларды шыктандырып туруу гана керек. Балдар жасай албай турган эч нерсе жок”,- дейт.
Интеллектуалдык оюндун жеңүүчүлөрү апалары менен
Айнура Баязова балдардын билим борборунун директору куттуктоо сөз айтууда
Венера Молдакунова жеңүүчүлөргө сыйлык тапшырууда
Интеллектуалдык оюндун жыйынтыгында 1-орунду Канайым Жайлообаева жеңип алса, 2-орунга Айдай Камчыбекова татыктуу болду. Ал эми 3-орунду Акылай Токтоболотова камсыз кылды. Жеңүүчүлөргө дипломдор жана Венера Молдакунова даярдаган чакан белектер берилди.
Наргиза Ырысбекова