Эрте нике бул-эң биринчи балалыктан, ден-соолуктан жана келечектеги бардык мүмкүнчүлүктөн ажыроо. Тактап айтканда мектепти аяктоо, билим алуу, кесипке ээ болуу потенциалы жоголот. Адисттер эрте никеге турган жаш кыздардын өмүрү тобокелчилик менен коштолорун, кесепети өкүнүчтүү болорун байма-бай айтып келишет.
Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун дарыгери Айсалкын Саламатованын адис катары пикирине таяна турган болсок, анда жетиле элек организмдин иммунитети төмөн, каны аз болушу мүмкүн жан бул түйүлдүккө таасир этет.
Айсалкын Саламатова-дарыгер
“Демек бул жаш организм жыныстык катнашка, бала көтөрүүгө даяр эмес, түйүлдүккө керектүү азык-заттарды, минералдарды, витаминдерди бере албайт дегендик. Анткени түйүлдүк эненин курсагында ошол заттар менен өсөт. Кесепети коркунучтуу, боюнан түшүп калышы, ара төрөшү, же ар кандай кемтик менен төрөлүшү дагы мүмкүн. Төрөттү көтөрө алат деп эч ким айта албайт. Анткени табигый жол менен эмес, көбү жасалма (Кесерово) жол менен төрөтүлөт. Жаш эне өзү да, бала да зыянга учурашы мүмкүн. Организм эле эмес жаш өспүрүм өзү да турмушка даяр эмес эмес, ал балакаттан жаңы өткөн, чоңое элек адам”.
Медицинада кыздардын организминин жетилген курагы 18-19 жаш деп белгиленгени менен турмушка чыгуу убактысы 20 жаштан 35 чейин нормалдуу деп эсептелет. Бирок үй-бүлөдөгү социалдык абалдын төмөндүгү, жетишпеген жашоо же диндин кайсы бир түшүнүктөрү менен ата-эне кыз баланы балакат куракка жетти деп эрте никеге туруусуна себепкер болушат. Кызга эрте нике, анын зыяны тууралуу эң биринчи ата-эне түшүндүрүп, ачык сүйлөшүүсү керек дейт Жыргалбек Балтабаев.
Жыргалбек Балтабаев -айыл тургуну
“Баланы турмушка даярдоо ата-эненин милдети. Биз ар дайым эрте нике кыз бала, анын бүтүндөй жашоосу, келечеги үчүн оор болорун, ден-соолугуна терс таасир тийгизерин айтышыбыз керек. Ал үй-бүлөдөн эле эрте турмушка чыгуу эмес, билим алууну максат кылышы шарт. Бул чоңойду күйөөгө бериш керек деген эски көз караш жана баласынын келечегине кайдыгер, жоопкерчиликсиз мамиле кылгандык жана акылга сыйбаган иш”.
Эрте никеге турган кыздар үй-бүлөлүк жана жубайлык милдеттерди аткара алышпайт. Барган жеринде кайындарынын ар кандай психологиялык, физикалык, финансылык басмырлоосуна, зордук-зомбулугуна учуроосу мүмкүн.
“Өз алдынча иштеп каражат таба албагандан кийин күйөөсүнө толук көз каранды болот. Зордук-зомбулкка кабылган учурда укугун коргой албайт. Акыры ажырашууга алып келет. КРнын “Балдар жөнүндө кодексинде” жана башка ченемдик укуктук актыларда 18 жашка толо электер бала деп белгиленген. Демек 18 жашка чейин никеге тургузуу мыйзамдуу жактан алып караганда одоно укук бузуучулук жана кылмыш деп таанылып, мыйзам кабыл алынгандан бери ала качуу азайды”,- деди Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Э.Карасартов атындагы орто мектебинин мугалими Эльвира Жыргалбекова.
Эльвира Жыргалбекова-социалдык педагог
«Мектепте окуучулардын укуктук билимин жогорулатып, 18 ЖАШКА ЧЕЙИНКИ НИКЕ – КЫЛМЫШ экенин, мыйзам чегинде чаралар колдонуларын, кызды күйѳѳгѳ эрте тийүүсүнѳ тиешеси бар адамдар жоопко тартылары тууралуу ата-энелерге да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп туруусу зарыл деп кошумчалады»,- Э.Жыргалбекова.
Кыздарды эрте жаштан турмушка берүү алардын жеке жашоосуна, ден-соолугуна гана эмес, улуттун генофондуна дагы кесепетин тийгизбей койбойт. Анткени ден-соолугу начар, ара төрөлгөн балдар төрөлөт. Өлкөдө билимсиз, жакыр, ажырашкан толук эмес үй-бүлөлөр көбөйөт. Ал эми толук эмес үй-бүлөлөр мамлекеттин камкордугуна, колдоосуна муктаж болушат. Бул болсо албетте өлкөнүн бюджетине таасир этет. Демек эрте нике жеке адам, жалпы улут жана жалпы өлкө үчүн кооптуу.
Барчын Мамытбекова