Кыздардын эрте турмуш куруусу алардын жетиштүү билим алуусуна тоскоолдук жаратып жыйынтыгында кесибинин мыкты адиси болуусуна таасирин тийгизет. Мунун кесепеттери анын үй-бүлөлүк турмушунда чынжыр сымал улана берет.
Эрте никеге турган кыз билимин толук түрдө уланта албагандыктан, жакшы адистикке ээ боло албайт. Демек, адатта эн аз акы төлөнүүчү жумуштарда иштешет. Анын натыйжасында төмөн пенсия алышат деген пикирин Сары-Булуң айыл аймагынын инженер-программисти Татыгүл Арзыматова билдирди:
“Өзүнө ишеними төмөн жана бир кесиптин ээси болбогондуктан каржылык жактан күйөөсүнө, кайын журтуна көз каранды болот. Эрте турмушка чыккан кыз, төрөөгө али организми жетиле элек болгондуктан 7 айлык, инвалид, аз кандуу жалпылап айтканда дени сак эмес, аң сезими төмөн балдар төрөлүп, гендердин бузулуусуна алып келет.Эрте турмушка чыккандар — бат ажырашууда, ошонун негизинде ортодо төрөлгөн бала ата — эне мээримине зар болуп, келечекте жаман иштерди көп жасаган коом тарбияланууда”.
Саламаттык сактоо кызматкерлеринин айтуусуна караганда биологиялык-психологиялык жана социалдык жактан жетилбегендиктен улам өспүрүм кыздардын организми эне болууга дайын эмес.Ал эми алардын төрөгөн балдары да ден-соолугунун төмөн көрсөткүчү менен айырмаланат. Дарыгер неонатолог Арзыкан Жайнакова буларга токтолду:
“15-16 жаштагы эненин организми жетилбеген организм.Эрте төрөп алган баланы да, өздөрүн дагы караш керек.Эрте төрөгө умтулуштун кериги жок. Биринчиден энеге зыян болсо, экинчиден балага балага зыян.Бала көбүнчө ара төрөлөт.Себеби, эне жетилген эмес.Аз салмакта бала төрөлөт, кан басымы да төмөн болот.Бул балдар кийин бат-баттан ооруйт.Анткени, эне балага жетиштүү витамин бере албайт. Баланын келечегине көп зыян тийип калышы мүмкүн”
Кесепеттери жаман мындай көрүнүштү токтотуу максатында Райондук социалдык башкармалыгы менен биргеликте 9-11-класстарга “Эрте турмуш куруунун кесепеттери” деген темада иш чаралар өтүп келген дейт Эмилбек Касымалиев атындагы орто мектебинин директору Алтынбек Чокморов:
“Мектептеги балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша иш чаралар болуп келет. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айылдык кеңештин депутат айымдары жана райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынан өкүлдөрү да катышып, окуучулар менен бирдикте ой бөлүшүп,талкуулар өткөрүлүп турат”
Эрте нике туруунун натыйжасында адатта ден соолугу начар балдар төрөлүп, калктын генофондуна терс таасир тийгизет. Билимсиз, жакыр үй-бүлөнүн саны көбөйөт. Мындай үй-бүлөлөр көп учурда ажырашып кетишет, ошондуктан өлкөдө толук эмес үй-бүлөлөр көбөйөт.Толук эмес үй-бүлөлөр мамлекеттин колдоосуна муктаж (жөлөк пулдар, жеңилдиктер), бул мамлекеттин бюджетине да таасир тийгизет.
Анара Мааметова