Декабрь айында Кыргызстанда Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өткөн. Бул аземде Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын актеру Эржан Осмонов дагы жаштар сыйлыгына ээ болгон. Актер менен алган сыйлыгы жана аткарган ролдору тууралуу маектештик.
— Саламатсызбы, сыйлыгыңыз кут болсун!
— Чоң рахмат. Жаштар сыйлыгы мен үчүн башкы сыйлыктардын бири. Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгы эки жылда бир ар тармактын өкүлдөрүнө берилет. Тагыраагы 35 жашка чейинки актер, режиссер, комузчу, спорт чебери, архитекторлорго берилчү ири сыйлыктардын бири. Бул сыйлыкты алганда албетте абдан кубанычта болдум. Ошол учурдагы эмоцияны сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес…
— Буга чейин деле башка сыйлыктардын ээси болсоңуз керек?
— Ооба, Жумадылов атындагы сыйлыкты, Казакстандын Абай атындагы төш белгисин, Жогорку Кеңештин ардак грамотасын ж.б сыйлыктарды алгам. Кудайга шүгүр, ушул өңдүү ардак грамоталар буюрса текчеде акырындык менен жыйылып жатат.
— Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы үчүн канча өнөр адамы ат салышты? Сиз кантип катышып калдыңыз?
— Жаштар сыйлыгына документтерди тапшыруу боюнча биздин театрга атайын сунуш түшөт. Көркөм кеңеш 35 жашка чейинки жаш актерлорду карап, өздөрү жөнөтүшөт. Биздин Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынан мен жалгыз элемин. Ал эми цирк, опера жана балет ж.б театрлардан дагы башка актерлер тапшырышкан. Анан “ат чуркабай бак чуркаган күндө да, тукулжурайт таптоосу жок кашаң ат” дегендей кудайдын буйругу экен, мага насип болуп калды.
— Башка актерлор арасынан суурулуп чыгып, жаштар сыйлыгын алууңузга эмне себеп болду деп ойлойсуз?
— Бул менин театрда 12 жылдан бери кылган эмгегимдин акыбети болсо керек деп ойлойм. Ошол эле биздин театрда көптөгөн спектаклдерде баш каармандарды ойнодум. Ошону баалап, көрүп жүргөн адамдар бар экен.
— Сыйлык артында кажыбас эмгек, аракет жатат эмеспи. Актердун жумуш процесси, образдарды жаратуу учуруна токтолуп өтсөңүз.
— Албетте, ар бир ролду жаратуу оор түйшүк. Бизде баланы кандай тарбияласаң, кийин ошонун үзүрүн көрөсүң деп айтылат эмеспи. Роль дагы ошол сыяктуу. Ага кандай мамиле кылсак, ошондой жемишин алабыз. Эгер ошол ролго мамилебиз түз болбосо, ал элге сиңбей калат. Ар бир спектаклдеги каарманга анализ жасап, анын кулк-мүнөзү, баскан-турганы кандай болушу мүмкүн деп 1-2 ай аралыгында репитиция аркылуу образ издейбиз. Режиссердун буйруктарын так аткарып, изденгенде жакшы образдар жаралат.
— Кайсы образ үчүн узак даярдык көргөнсүз?
— Эң узак даярданганым — Боромбай бий болду. Бул Кайрат Иманалиевдин калемине таандык, режиссёр Марат Козукеев сахналаштырган “Керээз”спектакли. Марат агай бул спектаклдин чыгаарына бир жума калганда дүйнөдөн өтүп кетти. Ассистенти келип, бир сыйра репитиция кылып чыгардык. Боромбай 70 жаштан ашкан адамдын образы. Ошону аткаруу мен үчүн абдан оор болду. Бирок, эң жакшы көргөн ролдорумдун бири. Эки жарым айга жакын репитиция үстүндө иштедик. Башкаларды кетирип коюп, мени жалгыз алып калып түнгө чейин же таң заардан иштеген күндөр болду. Акырындап ийинине жеткирип отуруп, премьерасы болду.
— Театрда бай, бийлердин образын көбүрөөк жаратасыз. Дагы кандай образдарды жаратуу ниетиңиз бар?
— Эми, ой көп. Жакшы ролдордон Гамлетти дагы моно кылып ойносом деген ниетим бар эле. Ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун “Гүлсарат” повестиндеги Танабайдын ролун моно кылып ойногум келет. Бул иштер алдыда аткарылат болуш керек деп ойлойм. Ошондой эле комедия жанрында дагы роль жараткым келип жүрөт. Себеби, баатырдын, бийдин ролун ойноп жүрүп, актер тили менен алганда штамп болуп кетпейби деген коркунуч бар. Ошондуктан, ар бир жанрда өзүмдү сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүү керек деп ойлойм.
Касиет Кубанычбек кызы