Евробиримдиктин Кыргызстандагы
өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган
иш-чара 26-27-май күндөрү борбор калаадагы «Ынтымак-2» сейил багында өттү.
#Текшердим маалыматтык кампаниясынан «Европа жайкы фестивалы 2023» иш-чарасында көптөгөн кызыктуу викториналар, оюндар ойнотулду.
Баардык оюндар медиасабаттуулук жөнүндө болду. Оюн түрүндө балдар санариптик коопсуздукту үйрөнүштү. Ал эми чоңдор оюн аркылуу маалыматты текшерүү куралдары, жалпысынан булактарды кантип тандоо керек, критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүнүн жана колдонуунун маанилүүлүгү жөнүндө билишти.




