Жаш балдардагы түрдүү генетикалык оорулар жыл санап өсүп жатат. Генетик Гүльзар Довлотова ата-энелер кош бойлуулукту пландабай ага даярданбай жатышканын айтат. Ошондой эле тукум кууган орулардын кездешүүсү, алдын алуу жолдору туурасында айтып берет.
Атын атагысы келбеген 39 жаштагы 4 баланын апасы алардын 3 баласында майыптыгы бар экенин айтат. Алардын дагы балалуу болуусуна экинчи кызынын ден-сак төрөлгөнү себеп болгон:
“Биз жолдошум экөөбүз тууган эмеспиз. Биринчи кызымдын буту баспай калды башында кеч басат окшойт деп көп деле маани берген эмеспиз. Ошентип жатып экинчи кызым боюмда болуп калды. Ал төрөлгөндө бардыгы жакшы ден-соолугу чың болду. Анан улуу кызыбызды дарыгерлерге көрсөтүп, ар кандай санаторияларга көрсөтүп айыгып кетүүсүнө аракет кылып жүрдүк. Дарыгерлер жолдошум экөөбүздүн каныбыз туура келбесин айтып, мындан ары балалуу болгонго болбой турганын айтышты. Бирок, биз аны кабыл ала алган жокпуз. Эркек балалуу болууну кааладык. Ошентип үчүнчү кызым төрөлдү ал дагы баспайт. Андан кийин эркек балалуу болдук. Уулубуз дагы баса албайт. Өзүбүз айылда турабыз. Эми тагдырдын сыноосу экен ушинтип 3 балабыз майыптыгы бар болуп калды.”
Тукум кууган ооруларга сөөк оорулары, муун оорусу, кан оорулары, онкологиялык оорулар, ашказан оорулары, жүрөк оорулары, акыл эстин артта калган, убагында сүйлөбөгөн оорулар кирет. Оорулардын 40% тукумдан берилет. Даун синдрому бул тукум кууган ооруларга кирбейт.
— Генетикалык оорулардын пайда болуусуна көп факторлор бар. Тукум кууган дарттардын негизги себеби туугандардын баш кошуусунан негизи эле тууган урукта жакын тууган же алыс тууган болобу, ата жактан же эне жактанбы айтор кандайдыр бир оору бар болсо кийинки муунга берилиши мүмкүн. Ошондой эле кээ бир оорулар жашка дагы байланыштуу болот эрте жашта турмуш курса же кеч балалуу болгондордо болушу мүмкүн. Андан сырткары жашаган, иштеген жерде дагы терс таасир этүүчү нерселер бар болсо балдарында кайдайдыр бир ооруларды козгошу ыктымал.
Гендин дагы түрлөрү бар:
Доминанттык ген бар болсо 80% балага өтүшү мүмкүн.
Рецессивный ген деген болот (уктап жаткан түрдө) анда адам өзү оорубайт ага билинбейт бирок, генде(канда) аны алып жүрөт дагы киийн ал баласында ойгонуп калышы мүмкүн.
Тобокелчиликтерди азайтуу үчүн эмнелерди кылуу керек?
— Кош бойлуу учурда ичиш керек болгон витаминдерди ичүү зарыл. Алгачкы үч айлыкта эрте скриниг өтүү маанилүү себеби бул учурда көп ооруларды акынтаса болот ал 11-14 жумасында болот. Ушул кароодон кандайдыр бир күмөн жаралса андан ары генетиктен өтүп башка анализдерди тапшырат. Негизи эле кош бойлуу учурда 3 жолу скрининг өтүү керек. Бала төрөлгөндөн кийин дагы анда кандайдыр бир өнүүдө арта калып жатканы байкалса, башкачараак болуп жатса сөзсүз эрте даргерге көрсөтүү зарыл. Ар бир жаш куракка жараша баланын өнүгүүсү байкалбай жатса мисалы: эркек бала кечирээк сүйлөйт деген сыяктуу маани бербей койбой убагында адистерге көрсөтүү менен көп эле ооруларды убагында даарылап, аракет кылса жеңил деңгээлге чыгарып алса болот.
Кош бойлуулуктун алгачкы үч айы маанилүү
— Кош бойлуу кезде алгачкы 3 айда баланын бардык органдары калыптанып баштайт. Андыктан ушул мезгилде эне өзүн түрдүү ооруларга чалдыгып калбоодон сактанып, коргонушу керек. Андан киийнки убакта сасык тумоо болобу башка оорулар анчалык коркунуч туудурбайт.
Ким жана качан генетикке кайрылуу керек?
Дарыгер: Ымыркайдын жынысы аялдан көз каранды болбойт
Дарыгер: Төрөттүн так күнү 7-9 жумада УЗИде саналганда белгилүү болот
Айгерим Кубатбекова