Учурда чет өлкөдө өз ишкердүүлүгүн жасап, ийгиликке жетишип жаткан Раушан Алмазова Суусамыр айылында төрөлүп, өсүп, мектепти аяктаган. Жогорку окуу жайда окуп жүрүп, бизнес ачуу идеясын ойлонуп баштаган. Анткени ал хоббисин да бирге өнүктүрүп жүргөн.
Мектепте окуп жүргөн кезинде эле досторунун, сиңдилеринин чачтарын жасалгалап, макияж коюп, сулуулоого шыгы бар болгон. Андан тышкары, коомдук иштерге активдүү катышып, жергиликтүү радиодо ыктыярчылык кылган.
Хоббим негизги кесибиме айланды…
Негизи мектепте окуп жүргөндө экономист болуп банкта иштесем деген кыялым бар болчу. Кийин мектепти бүтүп, Бишкектеги КМУнун экономика багытына тапшырдым, окуу менен чогуу кошумча жумуш караштырып, ата-энемден акча сурабайын деп жумушка орноштум. Ал жактан акча топтоп, атайын курстарга барып окудум. Эң биринчи тырмак жасоону анан кирпик, кийин каш жасоо курсун окуп бутуп, окуп да, иштеп да жүрдүм. Мурда мектептен классташтарымды, курбуларымды сулуулап, чачтарын жасалгалап койчумун.
2018- жылы акыркы курсту окуп жүргөндө бизнес ачсам окшойт деген идея келгенден кийин, өзүм ар кайсы тармактардан изденип, окуп бизнес план түздүм. Оюмда ал сулуулук салонду кайсыл жерде, качан, канча акча керектелишин баарын эсептеп жазып чыккандан кийин, эмерек жасаган уста таап, өзүм эскиздеримди чийип бердим. Бир жумадан даяр кылып берди.
Университетте дипломумду алгандан кийин Кытайга барып бүт керектелүүчү материалдарды алып келип, ошол эле күнү кечинде Россияга учтум. Ал жакта менин апам көп жылдан бери жашайт, учуп келип эле имарат издеп инстаграмдан реклама кылып баштадым, мен келгенден кийин 15 күн инчинде артымдан эмерек, керектүү материалдар келди.
2019-жылы 3-январь айында Ханты-Мансийск шаарында instyle.hm салондун эшиги ачылып, 2 мастер кыз менен иштеп баштагам. Биринчи жарым жыл бекер эле иштедим десем болот, анткени тапкан акчамдын баарын кайра эле салонго жумшачумун.
Жаңы ачылгандагы кыйынчылыктарды үч этапка бөлөм…
Биринчиси Covid-19 учуру карантин болуп 6 ай жабылып калганыбызда аренда коммуналдык кызматтарды төлөөдө;
Экинчиси мастерлер кетип калып өзүм жалгыз иштеп калган күндөр болуп жатты;
Бир имараттан экинчи имаратка көчүп жүргөн күндөрдү эстесем оор эле болгон. Бирок кандай гана мезгил, кыйынчылыктар болбосун баарын өзүмдүн башыман өткөрүп, чоң тажрыйба алдым. Салон менен чогуу эле чоңойдум десем болот.
Кыйынчылыктарды жеңген соң үзүрүн көрдүм
Сулуулук салонун иштетип адамдар менен тааныштым, магистратураны окудум, эң биринчи машинамды алдым, көптөгөн чет өлкөлөргө барып эс алып, бизнес тренингдерге катышып жүрөм.
2022-жылдагы эң чоң жетишкендик апам экөөбүз Россияда үйлүү болдук.
Жашоодо алдын ала түзүлгөн сценарий менен жашоого болбойт! Өсүп, өнүгүү керек
Мен мектепте окуп жүргөндө “Сабакты жакшы оку, кийин чоң окуу жайга тапшыр, окууну бутуп жакшы жумушка орнош, анан үй- бүлө кур, жумушка барып келип, кийин пенсияга чык, болду!” ушул менен сага даярдалган жашоо деген сценарий бүтөт.
Менин азыр окуп жаткан жаштарга берчү кеңешим силердин жашооңор силердин колунарда. Силер гана өз жашооңорго жооп бересиңер, мектепте окуп жаткан бааңар, силердин жашооңор менен эч кандай байланышы жок. Жашоого болгон көз карашыңарды өзгөрткүлө, эч качан уялбагыла, эл эмне дейт деген сөздү башыңардан чыгарып салгыла. Биз элдин оюу менен жашай албайбыз, жаңы иш баштаганда кыйынчылыктарга даяр болгула мунун баары убактылуу, ар бир жетишкендиктин артында оорчулуктар турат.
Ушул кеңештерди мен 10 жыл мурунку өзүмө бермекмин
Туура тамактануу(денин сак, фигуран жакшы болот)
Спорт менен машыгуу (жалкоолук менен депрессияны жеңүүнүн оңой жолу)
Китеп окуу (колуңардан келсе чек тилдеги китептерди окугула, сөз байлыкты көбөйтүү үчүн) сүйлөгөн сөзүбүз орундуу болот.
Акчаны туура иштетүүнү билүү (финансовая грамотность)
Англис, орус тилинде эркин сүйлөө (канчалык көп тил билсен, ошончо бат акыл дагы кирет, жашоодо өз ордуңду батыраак табасын)
Тайм менеджмент (өз убактыңды текке кетирбе, ар бир ишти өз убагында кыл, кечикпе. Кечиккен адамдар такыр жакпайт)
Идея келдиби? Иште! аракет кыл!
Инстаграмм, тикток, ютуб же андан башка соц тармактардагы баракчаңды өзүң каалагандай кылып визуал түз (видео тартып, же сүрөт жүктөгөндөн уялба)
Чет өлкөлөргө саякатка чык (дүйнө жүзүн көр, саякат адамды өзгөртөт)
Өзүңдүн келечегиңе жана өзүңө инвестиция кыл!
Айтурган Кушкарбекова