Суусамыр айылынын ичинен агып өтүүчү Кара-Суу суусу кыштын келиши менен тоңуп жолду каптап калат. Бул суудан өтүүчү көпүрө бар болгону менен, суу улам үстүнө тоңо бергендиктен, көпүрөдөн өтүү да кооптуу болуп келет. Жергиликтүү элге бул көйгөй болуп келет. Бул маселе менен жергиликтүү эл Суусамыр айыл өкмөтүнө кайрылып, маселе чечилүү жолуна түштү.
Кара-Суу суусу
Кара-Суу маселеси жыл сайын ыңгайсыздык жаратып, айыл тургундарынын оюң экиге бөлдү. Бул маселе боюнча Суусамыр айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча башкы адиси Майрамбек Исмаилов төмөнкүчө маалымат берди:
«Ооба бул көйгөй. Кара-Суу суусу күз келгенде суунун башынан башка жакка жыгылат, бирок аз бөлүгү айылга келип турат. Себеби, айыл тургундары мал сугарууда кыйын болуп суу маселеси жаралгандан улам, сууну толук кандуу башка жакка жыгып салбоону суранышканынан толук кандуу токтотулган эмес. Кара-Суу суусу өз нормасынан ашып бара жатканда элдин кайрылуусу менен биз айыл өкмөт тарабынан барып, жеринен чечип келдик. Алгач техника менен арык салуу маселесин карап көрдүк, кийин техниканын алы жетпеген соң, муздун үстүнө атайын материал себип, сууну ээритип муздун үстүнөн арык салдык. Азыркы учурда суу жолго каптабай, бүт ыңгайсыздыктар оңдолду».
Айыл өкмөт кызматкерлери сууну буруу учурунда
Кара-Суу көпүрөсү менен Суусамыр айылынын тургундарынын басымдуу бөлүгү өтөт. Андан тышкары, окуучулар дагы мектепке ушул көпүрө менен барышат.
Айтурган Кушкарбекова