«Сон-Көл» айыл өкмөтүндө Кочкор ройондук админстрациясынын башчысы акимдин катышуусу менен элдик жыйын өткөрүлдү.
2023-жылдын 13-февралында Төлөк айылында айыл өкмөттүн жылдык отчету угузулду. Бул жыйынга аким, айыл тургундары, райондук мекеме жетекчилери, Жергиликтүү Кеңештин депутаттары катышты. Алгач айыл өкмөт башчысы Сүйүндүк Табалдиев өзүнүн отчеттук докладдын окуп, элге жалпы маалымат берди. Айрым сунуш жана сын-пикирлерди угуп 2023-жылга карата иш пландын болжолдуу үлгүсүн түзүп чыгышты.
Айыл өкмөт башчысы: Сүйүндүк Табылдиев өз докладды менен тааныштырууда
Андан соң Кочкор ройондук админстрациясынын башчысы аким Эрмекбай Омошов айыл өкмөттүн докладдын канааттандырарлык деп белгилеп, жаңырган 2023-жылга карата чакан долбоорлор менен иштөөнү сунуш кылды. Аны менен ушул эле жылдын экинчи кварталында айыл аймактарды аймакташтыруу боюнча маалымат берди.
Жыйындын президиуму
Жыйындын экинчи бөлүгүндө айыл тургундарынан суроолор, сунуштар айтылды. Басымдуу бөлүгү жолдорду сүрдүрүү, электр чубалгыларын оңдоо болду. Айрым тургундар аймакташтырууда айыл өкмөттүн борборун жакынкы жайга орноштурууну суранышты.
Төлөк айылынын тургундары акимге өз суроолорун беришти
Айыл активисттери өз ойлорун ортого салышты
Хадижа Төлөбалдиев