Кыргызстан интернетке болгон баанын арзандыгы боюнча дүйнөлүк рейтингде алдыңкы орундардын бирин ээлейт, бирок интернеттин ылдамдыгы, сапаты боюнча 96 орунда. Муну менен катар Улуттук Статистикалык Комитет кыргызстандыктардын жарымынан көбүнө интернет колдонуу мүмкүнчүлүгү бар экендигин билдирет. Мындан улам биз өлкөнүн кайсы аймагында интернет бар жана ал канчалык жеткиликтүү экенин билүүнү чечтик.
Айыл жашоочулары менен интернет көйгөйү тууралуу баарлаштык. Дээрлик көпчүлүк аймактарда кадимки интернеттин жоктугу кыйынчылык туудурат. Алардын арасынан 5 тургундун окуясын сиздерге сунуштайбыз:
Биз маалымат чогултуп, аларды анализдеп, өлкөнүн кайсы аймактарында интернет көйгөйү бар экендигин билүүнү чечтик.
Интернеттин сапаты интернетке жүктөө ылдамдыгы (выгрузка) — билдирүүлөр же сүрөттөр канчалык тез жиберилгендиги менен жана интернеттен алуу же көчүрүү (скачивание) — браузериңиз, социалдык тармактарыңыз жана видеолор канчалык тез иштегендиги менен аныкталат.
Интернеттен алуу же көчүрүрүү ылдамдыгы (скачивание) — бул тармактын сапатын баалоочу көрсөткүч. Ал канчалык жогору болсо, веб-баракчалар, социалдык тармактар, онлайн видеолор ошончолук жакшы сапатта көрүлөт. Мындан тышкары, провайдерлер интернетке жүктөө ылдамдыгына караганда интернеттен көчүрүү ылдамдыгын бир кыйла жогору деп беришет. Алынган маалыматтар муну тастыктайт:
Speedtest иштеп чыгуучуларынын айтымында, интернетке жүктөө ылдамдыгы (выгрузка) пандемия учурунда көбүрөөк актуалдуулугу арткан. Азыркы учурда биз видео чалууларды көп жасайбыз, сүрөттөрдү жана билдирүүлөрдү жөнөтүүнү көбүрөөк колдонобуз.
Интернетке жүктөө ылдамдыгы (выгрузка) боюнча алган рейтингибиз төмөндөгүдөй:
Бишкек жана Ош республикалык маанидеги шаар болгондуктан, бул шаарларда өнүккөн инфраструктура бар деп эсептешет. Бирок биз бул конуштарда интернеттин ылдамдыгы жогорку сапатта эмес экендигин билдик. Буга жыш жайгашкан калктын көптүгү бирден бир себеп десек болот.
Эң жай интернеттен алуу ылдамдыгы Ат-Башыда, ал эми интернетке жүктөө ылдамдыгы Ак-Талаа жана Лейлекте. Ак-Талаа районунда интернетке билдирүүлөрдү жөнөтүүнүн эң төмөнкү ылдамдыгы — 3 Мбит/с. Бул ылдамдык интернетке туташуу үчүн гана жетиштүү. Ал эми жогорку сапаттагы видео конференцияны уюштуруу же интернеттен видео көрүү үчүн сизге кеминде 5 Мбит/с ылдамдыгы керек болот.
Өлкөнүн аймагынын 94% тоолор ээлегендиктен мобилдик операторлор өлкөнүн бардык булуң-бурчун камтый алышпайт. Рельеф объект менен провайдердин мунараларынын ортосундагы байланыштын жайылышына тоскоолдук кылат.
Эске сала кетсек, мобилдик интернет — бул мобилдик операторлордон сатып алган интернет.
Кабел аркылуу тартылган интернетти жүргүзсө болот, бирок буга тоолор тоскоолдук жаратат — алар кабелдерди тартуу учурунда курулуш иштерин оорлоштурат.
Кыргызстандагы интернет коомчулугунун инженери Эржигит Имамовдун айтымында, интернеттин сапаты Нарын, Жалал-Абад же Баткен аймактарына караганда Чүй облусунда жогору. Ал мындай кырдаалды провайдерлер инернет туташтыруу оор болгон аймактарга жеткирүүгө кызыкдар эмес деп түшүндүрөт.
«Мисалы, Ак-Шыйрак жана Эңилчек айылдары тоонун артында жайгашкандыктан спутниктик уюлдук байланышка ээ.Тагыраагы, аталган аймактын жашоочулары чалуу жана SMS билдирүүлөрүн жөнөтө алышат, бирок аларда интернет жок. Мындай айылдарга интернет орнотуу өтө кымбатка турат», — деди Имамов.
Инженердин айтымында, ушул себептен тоолуу аймакта жашаган өлкөнүн көптөгөн тургундары интернетсиз калышат.
Эксперттер мобилдик байланышка караганда кабелдик интернет жакшы деп эсептешет: ал тезирээк, жогорку ылдамдыкта иштейт. Бирок тоолуу аймакты жана алыскы региондорду эске алганда, иш жүзүндө мобилдик интернетти колдонууга туура келет.
Мамлекеттик байланыш агенттиги да бул ойду тастыктайт. Бөлүмдүн башчысы Талант Калыков интернетке байланыштуу көйгөйлөрдү жердин татаалдыгы, алыскы конуштарда электр чубалгыларынын жоктугу жана байланыш операторлорунун курулушка уруксат алуудагы кыйынчылыктары менен түшүндүрөт.
Интернеттен алуу жана интернетке жүктөө ылдамдыгы жөнүндө маалыматтар 2020-жылы Speedtest Global Index колдонуучулары тарабынан чогултулган. Платформанын жардамы менен тестирлөө мобилдик колдонмолордо жана компьютерлерде жүргүзүлөт. Анализ кылуу үчүн биз 2020-жылы 20 жолудан ашык интернет ылдамдыгына текшерүү жүргүзүлгөн аймактарды тандап, кабелдик жана мобилдик интернет аркылуу интернетке жүктөө жана интернеттен алуу көрсөткүчтөрүн салыштырдык. Speedtestтен алынган ачык маалыматтар мобилдик колдонмолордогу атайын жайгашкан жерин аныктоочу GPS аркылуу чогултулган.
Изилдөөнүн жүрүшүндө биз мобилдик интернетти талдайбыз — бул мобилдик тармактагы интернет (4G LTE, 5G).
МБит/с -бул секундасына берилген мегабиттердин саны. Ал маалыматтарды берүү ылдамдыгын баалоо үчүн колдонулат.
Бул материал Дүйнөлүк Банк жана IDEM менен биргеликте Кыргыз Республикасында USAIDдин колдоосу менен ишке ашырылган “Кыргызстандагы Интерньюс” “Медиа-К” долбоорунун дата-журналистика программасынын стипендиаттары тарабынан түзүлдү. Программанын ментору — Андрей Дорожный. Материалдагы ой-пикирлер жана тыянактар сөзсүз түрдө Интерньюстун жана анын өнөктөштөрүнүн көз-карашын чагылдырбайт.
Авторлор: Назигүл Жусупова, Касиет Кубанычбек кызы, Зыйнат Самар кызы