Милан Исаев Ысык-Ата районунун тургуну. Ал сегиз жылдан бери Сын-Таш айылында балык өстүрүү менен ишкерлик кылып келет. Шаардан алыс жайгашкан ишкердин бизнеси менен жакындан таанышып, күңгөй-тескейи туурасында кеп курдук.
— Милан мырза, алгач өзүңүз жөнүнө айта кетсеңиз…
— Өзүм Сын-Таш айылынын тургуну болом. Келинчегим, бир кыз, бир уулум бар. Буга чейин ар түрдүү жумуштарда эмгектендим. Мен негизи бала кезимден бери эле балык кармачумун, тоолорду жүрчүмүн. Атам ветеринардык врач, апам бугхалтер болчу. Бала кезимде табият койнунда чоңойгондуктан, табиятка абдан жакынмын. Тоону көрбөй жүрө албайм. Балык багуу үчүн дагы тоолуу жерди тандадым.
— Сиздин ишмердүүлүгүңүз абдан тынчтык орун алган жайда жайгашкан экен. Эмне үчүн дал ушул таза суунун боюнда, тоонун этегинде ишкерлик кылып келесиз?
— Мен негизи балык өстүрүүнү колго алганым – жаратылышка, жан-жаныбарга кызыгуум себеп болду. Ошол үчүн эле тоо тарапка бизнес ачтымго деп ойлойм. Негизи, мен бул ишти бизнес үчүн, акча табуу максатында эмес, жан дүйнөм үчүн ачкам. Бул нерселерди баккандан, аларды карагандан ырахат алам. Балыктардан тышкары, короодо өрдөктөр да жүрөт. Гүлдөр, өрүк, тал-теректерди тигип, тапчан, коттедж, бассейндерди өз колум менен, жакындарымдын жардамы менен жасагам.
— Негизинен балык менен бизнести баштоо идеясы кандайча пайда болгон жана кантип ишке ашты?
— Балык менен ишкерлик кылып баштаганыма сегиз жыл болду. Башында нөлдөн баштагам. Анда, бир вагонду алып алып, бир бассейнге 3000 балык алгам. Биринчи клиент келгенде өзүм балык кууруп берип, абдан сүйүнгөм. 8 жыл ичинде өзүбүз менен өзүбүз өсүп, көп нерсени өздөштурдүк. Бала кезимден балыкка кызыккандыктан, эл ичинде билген адамдардан өздөштүрүп, бул жерди чуркап жүрүп айыл өкмөттүн жардамы менен Сын-Таш колхозунда биринчилерден болуп балык чарбачылыгын мен ачтым. Чынын айтканда абдан аз каражат менен баштагам. Келинчегим дагы колдоо көрсөтүп, ал дагы билген көргөнүн айтып берип, анын моралдык, материалдык колдоосу да болду. Анткени, ал учурда мен милицияда иштеп жүрчүмүн. Айлыкка иштеп жүргөндө бизнес ачуу үчүн кайдагы ири сумма болсун.
— Бул жерде балыктын кайсы түрлөрү бар?
— Азыр мен тоонун суусуна багам. Ошого жараша, сазан, амур, толстолобик деген балыктарды салып көргөм. Бул жерге такыр болбойт экен. Биринчиден, чоңойбойт. Экинчиден, ооруйт экен. Анткени, бул жерде абдан суу муздак. Эң ыңгайлашканы эле, форель, үсөн форели, акак форели, сары балыктар. Ушуларды багам. Булардын эти да абдан даамдуу жана муздак сууга дагы жакшы өсөт.
— Балыкты багуу деле оңой болбосо керек… Кандай машакаттары бар?
— Форелдин кичинкей кезинде машаккаттары абдан көп. Суунун градусун, деңгээлин текшерип, жемин туура берүү менен алек болобуз. Жемди көп берип салсак да, курсактары жарылып өлүп калышы мүмкүн. 100-150 грамм кылып чоңойтуп алгандан кийин, оңоюраак болуп калат. Тоонун суусу таза болуп, ар кандай оорулар жок болот. Экинчи машакатыбыз – норка деген чычкан бар. Ошол чычкан келип, балыктарды ташып кетет. Балыктар майда кезинде чымчыктардан кайтарабыз. Ошентип, эртеден кечке балыктарды кароо – маанилүү иш процесси.
— Ал эми балык бизнесинин күңгөй-тескейи кандай?
— Балык бизнеси – казинодой эле. Суунун жээги болгондуктан, сел жүрүп кетеби деген коркунуч бар. Суу кээде кир түшөт. Анда, балыктар дем жетпей өлүп калган учурлар да болду. Жаратылыштын ар түрдүү кубулуштары баары бир өз таасирин тийгизет. Күн катуу ысып кетсе дагы болбойт. Эң оор, кыйын маалы – кичинекей 2-3 см кезинен багасың. Ошону чоңойтууда өз түйшүгү бар. Анан балыктар жай чоңоет. Бирок, ушунча даамдуу болот жана таза чоңоет.
— Кардарларды кайдан табасыздар?
— Ушул эле жерден сатам. Ар дайым келип балык алып кеткен кардарларым бар. Бул жерден кууруп да берем. Кышы – жайы да иштей беребиз. Жайында эс алуучулар көп болот. Эс алууга келген конокторду кабыл алам. Аларга балык кууруп берем. Кээ бирлери алдын ала буюртма беришет. Келген коноктордун басымдуу бөлүгү өзүңүз кууруп бериңиз деп суранышат. Жергиликтүү айыл тургундары да үйүнө конок келгенде, өздөрү үчун алып турушат.
— Балыктын кирешеси кандай болот экен?
— Киреше ар жылы ар кандай болот. Бир жыл менен бир жыл окшобойт дегендей, балык бизнесинде дагы өткөн жыл менен бул жыл такыр окшобойт. Бир жылы алдыга кетип, жакшы киреше тапсак, бир жылы тескерисинче артка кетебиз. Мындай туруксуздук, көп учурда аба-ырайынан көз-каранды. Суунун көлөмү, суунун муздактыгы, күндүн тийиши ж.б баардыгы балыктар үчүн чоң роль ойнойт.
Айылда кандай бизнес ачса болот?
Ат — Башыда ангус жана голштин асыл тукум уйларын баккан ишкер
Үндүк багып ишкерлик кылган Айгүл апа
Пандемияда ишкерлер кандай кадамга барышы керек?
Сиз кандай бизнес ачсаңыз болот?
Касиет Кубанычбек кызы