Баетов айыл аймагындагы таланттуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктаган Алтынбек Мундузбаевдин үй-бүлөсү алгачкы эмгегин бантик жасоо менен баштаган.
Ал бантиктерди Ак-Талаа жергесине гана таратпастан, Кыргызстандын көп жерлерине таратышты. Бул үй-бүлө бир гана бантик жасоо менен чектелбестен кездемеден, тасмадан ар түрдүү гүлдөрдү жасап жер-жерлерге сатышууда.
Үй-бүлө мүчөсү Бурулсун Асанбаевна ишмердүүлүгүн кичи ишканадан баштап, эми кичи ишкананы жетектейт. Ал өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу кабарчыбыз Асель Жакыповага айтып берди:
“Мен бул бантик жасоо иши менен үч жылдан бери эмгектенип келе жатам. Көп үзүрүн көрдүм. Келечекте чоң цех ачсам дейм. Бантиктен түшкөн пайда үй-бүлөбүзгө жетет”.
Дамира Балтабаева бул үй-бүлөнүн туруктуу кардары. Ал бантиктердин сапаты жакшы экенин белгилейт. Дамира эже кыздарына 3 жылдан бери сатып алып бергенин жана дагы да сатып ала тургандыгын билдирди:
“Мага Бурулсундун жасаган бантиктери жагат. Ар бир кыздын жаш өзгөчөлүгүнө жараша жасайт. Мен дайыма дүкөндөн эмес Бурулсундан сатып алам”.
“Эмгек кылсаң жашыңдан, дөөлөт кетпейт башыңдан” дегендей ак эмгектин артында ар дайым ийгилик болот деп ишенебиз.
Даярдагандар: Асель Калыйнур кызы, Асель Жакыпова