Кыргызстанда дары чөп өсүмдүктөрүнүн бир канчасын кездештирүүгө болот. Алардын бири-көкөмерен чөбү.
Көкөмерен жарым бадал өсүмдүк. Анын бою 5см ден 40смге чейин болот. Бардык жерде кездешет, өзгөчө адырлуу жерлерде. Гүлдөгөн кезде кызгылт көгүш түстө болот. Көкөмерендин курамында эфир майы, тимоль заты, органикалык заттар бар.
Элдик медицинада көк жөтөлгө каршы, бронхитке каршы, жүрөк ооруларына, ич көпкөнгө, уйкусуздукка каршы жана баш оорусуна колдонсо болот. Ошондой эле көкөмерен негизги күрөшүүчү ар кандай түрдөгү залалдуу шишиктерге каршы колдонулат. Медицинанын өзүндө микробдорду өлтүрүүчү каражат катары пайдаланылат. Көкөмеренди ашказанда жарасы бар, боору ооруган, бөйрөк оорусу бар адамдарга колдонууга болбойт.
Кочкор районундагы Чолпон айылынын тургуну Алтын Абдыразакованын айтымында, көкөмеренди адам каалагандай ичүүгө болбойт:
«Элдер көкөмеренди каалагандай ичүүгө болбойт, медицина кызматкерлеринин көзөмөлүнөн өтүү керек, андан кийин колдонсо болот. Кош бойлуу айымдарга, каны аздарга болбойт. Кан басымы барларга, көк жөтөлгө, какырык катканга жардам берет. Ал эрте жазда чыгат, бирок август, сентябрь айларында бышат. Көк гүлдүү болот, көлөкө жерге кургатыш керек.»
Пайдалуу кеңеш: Чөптөр жана гүлдөрдүн дарычылык касиети
Нагима Мирланова