Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектеби 2014-2015-окуу жылынан баштап «Көп тилдүү билим берүү программасы» боюнча иштеп келишет. Аталган программанын башкы максаты, келечекте көп тил билген муунду тарбиялап чыгаруу.
Кыргыз билим академиясынын «Көп тилдүү билим берүү программасы» бөлүмүнүн адистери Дамира Орусбаева жана Рахат Ибраимова баалоо жүргүзүштү. Алар өтүлгөн сабактарга катышып, жогорку бааларын беришти. Мектеп кыргыз тилдүү болгондуктан, максаттуу тил катары орус тили тандалып алынган. Айрым предметтер толук орус тилинде өтүлөт. Бул ыкма окуучулардын тил билүү деңгээлин жогорулатат. Шапак Рысмендеев атындагы орто мектеби «Көп тилдүү билим берүү программасы» боюнча Кыргызстандагы тажрыйбалуу мектептердин катарына кирет. Адистердин айтуусу боюнча бул программа 2025-жылдан баштап Республиканын бардык мектептерине жайылтылат.
http://https://youtube.com/watch?v=vUdEtVnaDKU&feature=share
Фарида Шарыпжанова