Сапаттуу үрөндү кайдан алууга болот? Бийлик сапаттуу үрөн табуу аракетиндеби? Мындай суроолор бүгүн көпчүлүк дыйкандарды кургакчылык кесепетинен улам ойго салып турган учуру. Бул суроолорго айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо жана сертификация бөлүмүнүн башчысы Дамирбек Байдалиев жооп берди.
— Дамир агай, саламатсызбы? Быйыл кургакчылык кесепетинен түшүм аз болгонун жана күздүк үчүн сапаттуу үрөндөр керек экендигин дыйкандар билдирип жатышат. Даярдык кандай?
— Казакстан, Өзбекстан, Орусиядан үрөндөр келет. Мына, Өзбекстандан жаңыдан келип жатат. Казакстандыкы дагы даяр экен. Ал эми Орусиядан техникалык насыя катары 2 миң тонна үрөн келет. Үрөн түшүмүнүн аз болуусуна кургакчылыктан тышкары объективдүү жана субъективдүү себептери болду. Мындан улам, жогоруда аты аталган өлкөлөрдөн келген үрөн менен тартыштыктан чыгып кетебиз.
— Ачыктап кетсеңиз, объективдүү жана субъективдүү себептери кайсылар?
— Быйыл мына күйүүчү майдын баасы кымбат. Ал бир топ эле жогорулап кетти. Түшүмдүн бардыгын эми убагында оруп-жыйноо керек. Айыл чарбада бардык иш техникага келип такалаары белгилүү. Түшүмдү жыйнаган соң, анын бардыгын тазалап, кондицияга жеткирүү керек. Бул экинчи көйгөй. Мына ушундай көйгөйлөр көп. Ошолордон улам, мүчүлүштүктөр болуп жатат. Мурдакы жылдары бир гектарына 30-45 центнерге чейин түшүм алышчу эле. Быйыл, 20 центнерге үрөндүк талабы араң жетти. Аны алып тазалаганда дагы чыгым тартылат.
— Чет өлкөлөрдөн келе турган үрөндөрдү дыйкандар кайсы жерден ала алат?
— Бул үрөндөрдү айыл чарба министрлигин алдындагы аймактык өнүктүрүү департаменттеринен үрөн ала турган дыйкан — фермерлер арыз жазып барышы керек. Ошонун негизинде аймактарда жер – жеринен берген арызына жараша таратылат.
— Кыргызстанда учурда канча үрөн чарба бар жана алардын канчасы мамлекетке таандык? Алардагы түшүм кандай болуп жатат?
— Кыргызстанда жалпысынан 109 үрөнчүлүк чарба бар. Бул үрөнчүлүк чарбалардын 10у мамлекеттик болсо, калгандары айыл чарба кооперативи жана дыйкан-фермерлик чарбалар. Быйыл кургакчылыкка байланыштуу аларда дагы түшүм аз болууда. Мурда күздүккө 9 миң тонна үрөн өндүрсөк, быйыл 5 миң тоннага араң чыкты. Анткени, түшүмдүүлүк төмөн болду. Негизги себеби, кургакчылык. Бирок, мунун бары азыркы убакытта тазаланып, ар бир үрөнчүлүк-чарба аракетин жасап жатат. Себүү компаниясы башталганга чейин биз үрөндөрдү даяр кыла алабыз деп дыйкандарды ишендирип кете алам.
— Максатка ылайык, өзүбүздө үрөнгө өнө турган буудай кандай болушу керек?
— Өзүбүздө үрөнгө өнө турган буудай 99% болушу керек. Биз ошол 99% үрөндү жерге берсек, өзүбүз каалаган түшүмдү ала алабыз. Дыйкан-фермерлерге айтып кетээрим, биринчи үрөндү алаарда анын сертификатын жана документтерин текшерип, сапаттуу үрөндү алышса… Ошондо гана алар жакшы түшүм алып, алынган түшүмдөн жасалган тамак-аш таза жана адамга зыяндуу заттары жок болот.
— Жогоруда Орусия, Казакстан жана Өзбекстандан алынып келе турган үрөндүн сапатын дагы текшерүү болуп жатабы?
— Ооба, Орусиядан келе турган үрөн боюнча өздөрүнүн өкүлчүлүгү бир ай мурун келип, бизде үрөн ала турган дыйкан чарбаларына сунуштаган. Ал эми Өзбекстандан келе турган үрөн боюнча биздин кызматкерлер барып, келе турган үрөндүн партияларынан анализдерди алып, өткөрүп жатышат.
Касиет Кубанычбек кызы