Ош облусунун Ноокат районунун Кеңеш айыл өкмөтүндөгү Жапар Нышанов атындагы орто мектебинде «Канаттуулардын майрамы» аттуу конкурс болуп өттү. Бул конкурска 7-класстын алдынкы окуучулары катышышты.


Алар Ак куу жана Булбул деген ат менен эки командага бөлүнүшүп, өздөрүнүн ар түрдүү өнөрлөрүн көрсөтүштү. Мималы, канаттуулардын уяларын, жей турган тамактарын жана ар түрдүү буклеттерди, канаттуулардын сүрөттөрүн алып келишти. Андан кийин канаттуулар жөнүндө ырларды, табышмактарды, жаңылмачтарды айтып, бийлерди аткарышты.

Уюштуруучу Айчүрөк Капырованын айтымында «Бул конкурс химия, биология, тарых жумалыгына карата жаз айында өткөрүлдү. Себеби, жаз мезгилинде көптөгөн келгин канаттуулар келип, бак-дарактарга өздөрүнүн уяларын салышып, алардын кооз сайраган үндөрү угула баштайт. Конкурс өтө кызыктуу өттү. Мында Ак куу командасынын окуучулары активдүү катышып 29 упай менен жеңишке ээ болушту,»-деп билдирди Капырова.

Конкурстун катышуучусу Мадина Кудайберди кызынын айтымында «Биз бул конкурска алдын ала көп даярдыктарды көрдүк. Бизге биология эжекебиз көптөгөн жардамын көрсөттү. Натыйжада мыкты деңгээлде даярдангандыктан Булбул командасын жеңип алдык,»-деп билдирди Кудайберди кызы.
Даярдаган: Тинатин Коңурбаева