Жеке менчик турак жайга ээ болуу копчүлүктүн кыялы. Ал үчүн ондогон жылдар иштеп, акча чогулткандар жок эмес. Бирок, жыл өткөн сайын турак жайлардын баасы кымбаттап, чогулган акча кыялдагы үйдү алууга жетпей келет. Кантип үй сатып алууга болот? Стандартуу эмес ыкмалар менен алдыда таанышыңыз.
Ипотекалык насыя – батирди акчасыз тез сатып алуунун эң ачык-айкын жолу. Учурда баштапкы төлөм талап кылбаган ипотекалык насыялар берилип келет. Мындай шартта банк сизге үй сатып алууга акча берет. Ал эми сиз ай сайын белгилүү бир сумманы төлөп, банкка болгон карызды пайызы менен кайтарасыз.
Ипотека алган адам ай сайын акча төлөөнү токтотсо, келишимге ылайык банк батирди өзүнө ала алат. Кардар сумманы толук кутулганда гана үйгө ээлик кылат. Ипотекалык насыя берүүдө ар кайсы банктын ар кандай талабы бар. Андыктан, өзүңүзгө ылайык келген банкты караштырып, тандоо туура болот.
Лизинг – насыянын бир түрү. Бирок, андан бирден-бир артыкчылыгы кардар күрөө койбостон үй, машина ж.б буюм алууга болот. Ошондой эле төлөө мөөнөтү насыяга салыштырмалуу узак болот. Сатып алуучу турак жайды кардар өзү тандашы керек.
Акчаңыз жок туруп, үй сатып алууну кааласаңыз конкреттүү турак жайдын сыпаттамасы менен лизингдик компанияга кайрылууга болот. Адатта айрым лизингдик компанияларда баштапкы төлөм керектелбеген программалары болот. Компания потенциалдуу пайданы баалайт. Андан соң, ал макул болот же баш тартат. Турак жайды сатып алууга макул болгон учурда сиз менен ижара келишимин түзөт. Кардар катары сиз ай сайын ижара төлөмдөрүн төлөп турасыз. Анын келишимде көрсөтүлгөн бөлүгү турак жай сатып алууга жумшалат.
Эгерде сизде үйдү ижарага алуу үчүн жетиштүү каражат болсо, анда сиз кийин сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен ижара келишимин түзө аласыз. Бул бөлүп төлөө келишими менен окшош десек болот. Үйдүн ээси сатып алуу баасын белгилейт, ижарачы ай сайын ижара акысын жана сатып алуу баасын төлөйт. Толук төлөнгөндөн кийин турак жайга менчик укугу таризделет.
Мындай учурда сатып алуу укугу келишимде ачык-айкын баяндалышы маанилүү. Сатып алуу баасы жана эсептөө тартиби да так көрсөтүлүшү керек.
Айрым курулуш компаниялары турак жайларды бөлүп төлөө аркылуу сатыкка чыгарат. Мөөнөтү 3 жылдан 10 жылга чейин. Ал компаниялардын шартына, турак жайдын жайгашкан жерине ж.б көз каранды. Бөлүп төлөөнүн артыкчылыгы компаниялар бул учурда сумманын үстүнө пайыз кошпойт. Бирок, ай сайын төлөөчү сумма ипотекага салыштырмалуу көбүрөөк болот, анткени үйдүн наркы 3-10 жылда төлөнүп бүтүшү керек.
Үйлүү болуунун дагы бир стандарттуу эмес жолу бул колдонулбаган, анча зарыл эмес мүлктү сатуу.
Мисалы:
• мураска калган же белек катары баалуу антиквариат;
• унаа
• жер тилкелери
• тиричилик техникалары же мебелдер
Үй тууралуу бул материалдарды дагы сунуштайбыз:
Курулуш компанияларынан үй сатып алуудагы маанилүү кадамдар
Эксперт: Кардар үй сатып алууда келишимге өзгөртүү киргизе алат
Касиет Кубанычбек кызы