Ооган согушун ардагерлерине арналган салтанатта Райаким С.Черикбаев эстеликтердин абалын баса белгилеп айткан болчу: 54 мекеме, 13 айыл өкмөт бар, кар калың жаап, суук болуп турса да, бир да жолу тазаланып турбагы бизди кейитет. Эстеликтерди тазалоо бул биздин сыймыгыбыз. Ушу эстеликтерди таза пайдаланып эскерүү үчүн коюлуп жатканын жана ушуларды тазалап турсак келечектеги мунга үлгү болмок. Жада калса өзүбүз иштеген мекемелер тазаланбай жатканын айтсак болот” .

Райакимдин сөзүнөн улам Ак –Талаадагы эстеликтерди көрүүгө саякат жасадык. Эң биринчилерден Баетов айылынын кире беришиндеги көзгө уруна турган эстеликтерден Тайлак атабыздын 220 жылдыгынын урматына коюлган эстеликти,

администрациянын алдындагы Лениндин, Ак-Талаа районунун чыгаан инсандарынын,


өчпөс отту,


айыл өкмөттүн алдына колюлган Муса Баетовдун жана ошонун эле үстүндөгү Улуу Жеңиштин,

больницадагы Көккөзов Орозбектин ,

борбордук көчөдөгү Муса Баетовдун эстеликтерин айтсак болот. Калын жааган кардан үйүлүп алигиче алынбай тургандыгы кейитет.Райжетекчинин айтканына бир топ убакыт өтсө деле эстеликтердин карын күрөгөн, тазалаган жан жок.
Сынак үчүн даярдаган: Нурбекова Аймырза
Редактору: Тажиева Элнура