Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылына Кара-Балта шаарынан донорлор келип, Кара-Суу орто мектебине жана Ботокөз булак бала бакчасындагы балдарга гуманитардык жардам көрсөтүп кетишти.
Биз бул тууралуу кайрымдуулук кылганы келген Кадыр Бийгелдиев менен маек курдук.
«Бул жардамдар башка өлкөдөн келгендиктен, биз ушул эң четки жетпей жаткан айылга белектерди алып келдик. Балдардын көңүлүн көтөрүп, алардын окууган окууларын, алдыга кадам таштатаганын каалайт элек. Биздин максат — айылдагы адамдардын жашоосу менен таанышуу, жана аларга руханий жактан жардам берүү».


«Бул белектер башка өлкөдөн келген. Бул белектин ичинде ар кандай оюнчуктар, окуу куралдары, тиш пастасы, шарф, топу жана башкалар бар. Ата-энелердин кээ бири мындай белектерди балдарына алып бере алышат, а кээ бирлери бералбайт. Ошондуктан биз каалайбыз, ушул аркылуу ата-энелердин кандайдыр бир адеп-ахлагы ойгонгонун, ата-энелердин балдарга болгон кам көргөнүн. Ошондуктан биз ушундай жакшы иштерди кылганга аракет кылабыз».

Ата-энелер жана балдар белектерди алып, кубанып жатышат.
Даярдаган: Элзат Джумабаев
Тренер: Азирет туратбеков
Сынак үчүн