Жайыл районунун Кара-Суу айылына быйыл калың кар жаап, тургундарга ыңгайсыздыктарды жараткан болчу. Учурда күн жылып, айылдагы кар эрий баштады.
Калың кардын кесепетинен Кара-Суу айылынын жашоочуларынын чатыр-тамдары кулап кыйналышкан.
Айыл тургундарынын айтымында, октябрь жана ноябрь айы катуу суук болгон. Сууктун айынан көптөгөн дыйкандар өздөрүнүн эгиндерин кеч алып калышкан. Кар катуу жаагандыктан кээ бир үйлөрдүн, сарайлардын чатырлары карды көтөрө албай кулап калган.
Быйылкы кыш мурдагы жылкыга караганда эрте келди.
Айыл жашоочулары ызгардуу суук күндөр артта калды, декабрь айы келип айылга жылуулук алып келди дешет. Учурда катуу жааган кар эрий баштады.

Даярдаган: Элзат Джумабаев
Редактор: Азирет Туратбеков
Сынак үчүн